БОКС БОЮНЧА БИРИНЧИЛИК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 08.01.2018
- 0
Бокс боюнча окуучулар арасындагы Ош облусунун биринчилиги жыйынтыкталды.
- Бокс боюнча мелдешке Кара-Суу районунан, Мырзаке айылынан, Араван районунан, Шарк айыл өкмөтүнөн, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жалпы 68 мушкер катышты. Алар 42 килограммдан баштап, 85 килограммга чейин рингде күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль жана грамоталар менен сыйланышты, — деди уюштуруучулар.
Ош облусунун биринчилигинде жеңүүчү болгон мушкерлер, республикалык мелдешке жолдомо алышты.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер