БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?

  • 14.08.2024
  • 0

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?Учурда Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) Эл аралык бокс ассоциациясына (IBA) мүчө болгон федерациялардын мушкерлерине 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат бербей жатканы кайчы пикирлерди жаратууда.

Акыркы бир нече жылдан бери ЭОК  Эл аралык бокс ассоциациясындагы   көйгөйлөр  боюнча  коррупция жана паракорлук боюнча айыптоолор менен күнөөлөп келет.

2020-жылдын декабрынан бери IBAны Россиянын бокс федерациясынын мурдагы башчысы Умар Кремлев жетектеп келет. Кремлев Олимпиада комитетинин сунуштарын эске албай реформаларды жүргүзүп жатканы ЭОКтун талаптарын канааттандырбай, итиркейин келтирүүдө. Бирок, өзгөчө мүдүрүлткөн тоскоолдуктардын арасында азыр санкцияларга кабылган Газпромго каржылык көз карандылык өзгөчөлөнүп турганы шылтоо болууда. Мындан тышкары IBA ышкыбоздордун бокс уюмун башкаруу борбору Лозанна шаарынан Москвага көчүп кеткени да Эл аралык Олимпиада комитетин ыңгайсыз абалга калтырып, ишенбөөчүлүк улам тереңдеп кеткендей.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?2022-жылдын сентябрында IBA дагы жөн жатпай Украинанын бокс федерациясын мүчөлүгүн токтоткон. Ошондой эле 2022-жылдын октябрында IBA Орусия менен Беларуссиянын мушкерлерине дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда, эл аралык турнирлерде өз желектери жана Гимндери астында беттешүүгө чыгууга уруксат берген.

2022-жылы Эл аралык Олимпиада комитети болуп көрбөгөндөй чечим кабыл алып,  өз спорт айдыңында боксту четке кагып, жокко чыгарууну максат кылган эле. ЭОКтун спорт директору Кит Макдоннелл бокс боюнча IBA ышкыбоздор ассоциациясынын президенти Умар Кремлевдин дарегине кат жөнөтүп, эки уюмдун тиреши тереңдеп кеткен.

«Учурда ЭОКтун чечими менен бокс 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын спорттук программасына киргизилген жок. Чыныгы өзгөрүүлөрдүн жоктугун эске алуу менен, ЭОК Аткаруу кеңеши бул чечимди жокко чыгара албайт жана олуттуу тынчсыздануу менен IBAнын башкаруусуна мониторинг жүргүзүүнү улантат», — деп жазган Кит Макдоннелл.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?2023-жылы жайында, Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) тарабынан таануудан ажыратылып, Париж олимпиада оюндарындагы бокс мелдештерин  өткөрүүнү өз мойнуна алган. IBA уюмунун Олимпиадалык кыймылдан четтетилишин кийин Спорттук арбитраждык сот (CAS) колдогон.

Ошентип Париж Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди ЭОК өз демилгеси менен өткөрдү.

Ушул жылдын июль айында Парижде күндөлүк брифингде Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс Олимпиада комитети мындан ары бокс боюнча олимпиадалык турнирлерди уюштурбай турганын расмий билдирген.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?2028-жылга чейин Лос-Анжелес Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди өткөрө турган орган түзүлүүгө ЭОК аракет кылып, IBAнын таасирин басаңдатып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн четке сүрүүгө аракет кылып жаткан учуру.

Бул жагдай тууралуу Париж олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейтитбек уулунун алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, ОшМУнун профессору Турдалы Оморов мындай пикирин билдирди:

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?-Бокс олимпиадалык программадан чыгарылат деп бир топ жылдан бери эле айтылып келатат. Бул спорт- 100 жылдан ашуун убакыттан  бери олимпиаданын эң таасирдүү түрү болуп келген. Ошондуктан дагы 4 жыл убакыт бар. Дагы талаш-тартыш улана берет. Бирок, бардык өлкөлөр ЭОКтун мындай чечимин колдобойт. Убагында деле спорттук күрөштү олимпиададан чыгарабыз дешкен. Бирок, ишке ашкан эмес. Мурда бокста 13 салмак боюнча олимпиадалык таймашуулар болсо, кийин эркектер арасында 7 салмак,кыз-келиндер арасында 6 салмак кылышып, өзгөртүп, кыскартып салышкан. Эгерде кыз-келиндер боксу боюнча терс пикирлер жаралып, дүйнө коомчулугу нааразы болсо, кыз-келиндер боксун кыскартып койсо болот да. Ал эми жыл өткөн сайын  IBAнын таасирин жогорулап, кадыр-баркы көтөрүлүп жатканы ЭОКко жакпай жатат окшойт. Мурда эки жылда бир ирет дүйнө чемпионаты өткөрүлүп келсе,  IBA ышкыбоздор ассоциациясынын президенти Умар Кремлев болгону ар жыл сайын өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилүүдө. 2032-жылы ар бир салмактагы дүйнө чемпионуна 1 миллион АКШ доллары сыйлык берилээрин билдирген эле. Ошондой эле Париж олимпиадасынын чемпиондоруна  IBA өзүнчө 200 миң доллар байге берүүгө убада кылган. Ышкыбоздор ассоциациясы мушкерлерге  жакшы шарт түзүп берүү менен күчтүү, таасирдүү уюмга айланып баратат. Ошондуктан 2028-жылы Лос-Анжелесте боксту программадан алып салууга мүмкүн эмес. Андай болсо олимпиаданын кызыкчылыгы кетип, дүйнө коомчулугунун нааразычылыгын жаратат, -дейт Турдалы Оморов.

Мында ушундай эле пикирин Париж олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун жеке устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаев да айтты.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?-Спорт саясаттан тышкары болушу шарт эле. Бирок, батыш өлкөлөрү Россия менен Белоруссияга санкция кылуу менен мелдештерге катыштырбай, Умар Кремлев жетектеген IBA ЭОК четке сүрүп салуу саясатын ишке ашырууда аракет кылууда. 2028-жылга чейин убакыт бар. Дагы далай пикирлер ойлор айтылып, ынтымакка келген чечими кабыл алынып, бокс олимпиаданын программасында калышы зарыл. Ошондуктан эки уюмдун тирешинен башка өлкөлөрдүн мушкерлери жабыр тартпашы керек. Кыргызстан эгемен болгону бокс боюнча Парижде алгачкы олимпиадалык медалдын ээси болуп, жаштарды Мунарбек шыктандырып койду. Ошондуктан уучубуз куру эмес, 2028-жылкы олимпиадалык оюндарга биздин жигиттер барып, байгелүү орундарды ээлейт деген ишеним зор. Мунарбекке  IBA ышкыбоздор ассоциациясынын президенти Умар Кремлев убада кылган 50 миң АКШ доллары сыйлык да берилет деп ишенем, -дейт Беганас Султанбаев.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?Жайкы олимпиададагы бокс боюнча мелдештер биринчи жолу 1904-жылы Сент-Луис шаарында өткөн. Ал эми 1912-жылы Стокгольмдо өткөн оюндардын программасына бир жолу гана  кирген эмес. Ошондон бери бокс Олимпиаданын күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан, таасирдүү мелдеш болуп калган. 100 жылдан кийин  2012-жылы Лондон Олимпиадасында кыз-келиндердин боксу жабыдалга кошулуп, алгачкы жеңүүчүлөр аныкталган.

Ал эми жакында эле Париж шаарында аяктаган Олимпиада оюндарында бокс боюнча 30 өлкөнүн өкүлдөрү медаль тагынган. Эң көп алтын байгени (5 алтын медалды) Өзбекстандын мушкерлери жеңип алды. Андан кийинки орунда кытайлыктар ээлеп, алар 3 алтын медаль утту. Тайвань, Куба, Алжир, Ирландия, Украина бирден алтын байгелүү болушту.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?

Кыргызстандын бокс спортунун тарыхында  Олимпиада оюндарындагы  алгачкы медалдын ээси 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимпиада оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жетип, байгелүү орундарды ээлеген эмес.

Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү 28 жаштагы Мунарбек бокс боюнча 2023-жылы Ташкент шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Быйыл Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болгон. 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль уткан . Беш жолу Кыргызстандын чемпиону аталган. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат. Жайкы Олимпиада оюндарына ал алгачкы жолу катышып, тарых жаратып, күмүш байге утуп, күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн эле.

Парижде курч атаандаштык менен өткөн олимпиадалык күч сынашууларда  Мунарбек Сейитбек уулу жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?

Ал алгач 1/8 финалда кубалык Орта Родригести 3:2 эсебинде, чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, америкалык мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалга жолун ачкан. Жарым финалда жердиги кубалык, учурда Болгариянын намысын коргоп жүргөн Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыгып, баш байгеге талапкер болгон.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?

Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште дүйнө жана Азия чемпиону, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, 5:0 эсебинде утулуп калып, күмүш медаль тагынды.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?13-августта Президент Садыр Жапаров Париж олимпиада оюндарына катышкан  16 спортчуга, алардын жеке машыктыруучуларына, устаттарына жана спорттук медицина кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды жана спортчулардын ар бирине автоунаанын ачкычын тапшырды.

БОКС 2028-ЖЫЛКЫ ОЛИМПИАДАНЫН ПРОГРАММАСЫНАН КИРБЕЙ КАЛАБЫ?Олимпиадада күмүш медаль алган мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сом жана Жип үлгүсүнөдү автоунааны өлкө башчысы сыйлык катары тапшырды.

Мунарбектин жеңиши кыргызстандык жаштарды шыктандырып, бокска болгон кызыгуусун арттырды.

Кабыл Макешов, 

Кыргыз Републикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер