БИШКЕКТЕГИ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 11.10.2023
  • 0

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун катышуусунда өттү.

БИШКЕКТЕГИ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

 «Жүрөгүм балдарда — 2023»

«Жүрөгүм балдарда — 2023» сынагынын «Мыкты мугалим» номинациясында биринчи орунду №21 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шахсанам Раманкулова, экинчи орунду №88 жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Назгүл Казакова, үчүнчү орунду №20 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили мугалими Айсулуу Жаңыбай кызы ээледи.

«Мыкты жаш мугалим» номинациясында биринчи орун үчүн №9 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили мугалими Кулпунат Нуруйбек кызы, экинчи орун №38 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин физика мугалими, үчүнчү орунду №95 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими Тансулу Данияр кызы жана №86 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Бегимжан Осмонова сыйланды.

«Мыктынын мыктысы» номинациясында алдыңкы орунга №54 жалпы билим берүү мектебинин орто класс мугалими Динара Казиева, экинчи орунду №82 орто мектептин жогорку класстын мугалими Ислам Акылбек уулу жана №66 окуу-тарбия комплексинин мугалими Гүлзат Тургуналиева бөлүштү. №91 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын класс жетекчиси Орозбек кызы Жамила үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн сыйланды.

«Мыкты тарбиячы» номинациясында биринчи орун үчүн №11 балдар бакчасынын тарбиячысы Таттыбүбү Мамбетсултанова, экинчи орунга №100 балдар бакчасынын тарбиячысы Евгения Пак, үчүнчү орун үчүн №43 балдар бакчасынын тарбиячысы Алмаш Бейшенбаева сыйланды.

Сынактын жыйынтыгында билим берүү уюмдары төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты: «Мыкты статустуу мектеп» — №69 ОТК ШГ; «Мыкты билим берүү мектеби» — №96 орто мектеп; «Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» — №22 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №93 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Ошентип, жеңишке чыккан мугалимдер 150000, 130000, 100000 сомдон акчалай сыйлык жана мэриянын ардак грамотасы, ыраазычылык каттары менен сыйланып, кол сааттары белекке берилди.  Сынакка жалпысынан Бишкек шаарындагы 103 мектептин баардыгы катышкан.

— Мэрия мугалимдердин сынагына 2 млн. сом байге фондун бекиткен. Атайын комиссиялар карап чыгып, конкурсанттардын эмгектери кылдат иликтенип, мыктылары тандалып алынды. Жыл сайын байге фонду көтөрүлүп, агартуучуларга чоң дем берип, балдар менен көп-көп иштегенге шыктандырып жатат, — дейт вице-мэр В.Мозгачева.

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер