БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП АШКАНАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

  • 04.12.2024
  • 0

Бишкетин Биринчи май районундагы мектеп ашканаларын комплекстүү текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП АШКАНАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына муниципалдык администрациянын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү бар.

БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП АШКАНАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Комиссия мүчөлөрү ашканалардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, журналдардын болушун, тамак сактоочу жайлардын абалын текшеришти.

2-декабрда башталган текшерүү иштери 9-декабрга чейин созулмакчы.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер