БИШКЕКТЕГИ “КҮНӨСТҮҮ МЕКТЕП”: ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ФИЗИКА
- 30.10.2024
- 0
28-октябрда министрдин орун басары Муратбек Касымалиев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Константин Селенти күн панелдерин тааныштыруу иш-чарасына катышты. Аталган иш-чара профессор А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинде өткөрүлдү.
Күн панелдери энергияны иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Алар климат үчүн энергияны зыянсыз колдонуунун мисалы жана ресурстарды үнөмдөөчү жашоо образына стимул болот.
Мектепте күн батареяларын орнотууну Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Чет жактагы мектеп башкы башкармалыгы жана Гёте атындагы Институт “Борбордук Азиянын жана Түштүк Кавказдын күнөстүү мектептери жана күнөстүү университеттери” долбоорунун алкагында колдоп беришкен.
Комментарийлер