БИШКЕКТЕГИ АЛГАЧКЫ ЭЛ АРАЛЫК КЕСИПКӨЙ БОКС ТУРНИРИ, МУНАРБЕКТИН ЖЕҢИШИ
- 21.07.2025
- 0
20-июлда борбор шаарыбыдагы “Бишкек Арена” муз майданында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык кесипкөй бокс турнири болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын президенти Үмбөталы Кыдыралиевдин айтымында, мелдеш Жапониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулуп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин колдоосу менен өттү.
Ири спорттук иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиадалык комитеттин жана Улуттук бокс федерациясынын президенти Үмбөталы Кыдыралиев, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, белгилүү мушкер Орзубек Назаров, ошондой эле Жапониянын “SAIKOU LUSH” компаниясынын өкүлдөрү жана бокс спортунун күйөрмандары катышты.
«Мындай эл аралык турнирлер элдин эсинде күчтүүлөрдүн таймашы катары гана калбастан, кыргыз спортун жайылтууга да салымын кошот деп терең ишенем. Эң негизгиси мушкерлерибиздин ынтымагын бекемдеп, чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат», — деп белгиледи спикер Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле мамлекет спортту өнүктүрүүгө чоң маани берип жатканын баса белгиледи. Республикада жаңы спорттук курулуштар, анын ичинде Орто Азиядагы эң ири футбол стадиону жана заманбап бокс мектеби курулуп жатат. Ал кыргыз боксунун тарыхында алгач ирет Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулунун жаңы муундагы спортчуларды шыктандырган ийгилигин өзүнчө белгиледи.
Нурланбек Тургунбек уулу ошондой эле спортту өнүктүрүүгө жооптуу мекем өз алдынча болуп, тармакка олуттуу каражаттар бөлүнүп жатканын дагы эске салды. Анын айтымында, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында чоң жооптуу милдеттер жана бийик максаттар турат.
Эл аралык мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Жапония, Уганда жана Филиппиндер өлкөлөрүнүн мушкерлери рингге чыгып, атаандаштык менен курч таймаштар болуп өттү. Көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратып, бүйүр кызыткан учуру Париж Олимпиадасынын күмүш, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулунун профессионалдык рингдеги дебюттук беттеши болду.
Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болуп, мөрөй талашуу курч мүнөзү менен айырмаланып, күйөрмандар колдоого алып турушту. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкер Мунарбекке ыйгарды.
Эл аралык спорттук турнир ата мекендик ырчылардын концерттик номерлери менен коштолуп, залды шаңга бөлөп турду.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер