БИШКЕКТЕ ЖОЛ-ТРАНСПОРТ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТӨТ
- 18.11.2024
- 0
19-ноябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек шаарынын мэриясы менен жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңешме өтөт.
Кеңешмеге Бишкек ш. мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек ш. мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Бишкек ш. мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, “Бишкекбашкыархитектура” МИ, Бишкек ш. милициясынын патрулдук кызматынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана профессордук-окутуучулар курамы катышат.
Убактысы: 19-ноябрь 2024-ж., саат 10.00
Өткөрүү жери: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ч.Айтматов пр., 66, 3-корпус, 217-ауд.
Кошумча маалымат алуу үчүн КР БИМдин маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
Тел.: +996 554 445 566 Гульмира Уметалиева
Комментарийлер