БИШКЕКТЕ ТАЯК ТАРТЫШ (МАС-РЕСТЛИНГ) БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ КУРЧ МҮНӨЗДӨ
- 01.12.2024
- 0
2024-жылдын 30-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш салтанаты өтүп, биринчи күнкү мелдештер жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Дүйнө чемпионаты жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өтүүдө.
Кечинде дүйнө чемпионаттын алкагында расмий ачылыш аземи да болуп өттү. Ага Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн бир катар жогорку даражалуу коноктору катышты. Ачылыш аземин төмөнкү коноктор расмий түрдө ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов якут элинин улуттук оюнун илгертен эле кыргыздар, Айкөл Манас бабабыздын 40 чоросу таяк тартыш деп атап ойноп келгенин, Кыргыз жергесинде өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын программасына киргенден бери таасири артып, дүйнөлүк аренага таанылганын, бул спорттун келечеги кең экенин, достукка көпүрө болгонун баса белгилеп, калыстык болуп жана таза таймашууда билеги күчтүүлөр жеңишке жетсин деген тилегин билдирди.
Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Сергеевич Николаев боордош Кыргызстан жерине биринчи жолу келгенин белгилеп, Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевич жылуу кабыл алгандыгын жана кыргыз элинин меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал Якутия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогору баалаарын, 2026-жылы Кыргызстанда «Азия балдары» көчө оюндарын өткөрүүнү сунуштаганын, бул иш-чара достуктун символу болуп, спорттук өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошоорун жана Бишкекте өтүп жаткан Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатына 20дан ашык өлкөнүн тандалган спортчулары келип, атаандаштык күчтүү болуп жатканын баса белгиледи.
Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын президенти Александр Константинович Акимов Кыргызстанда бул спорт кеңири жайылып, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын программасына киргенден бери, таасири артып, дүйнөгө таанылган чемпиондор чыкканын, уюштуруу тобунун аракетти жогору болгонун, дүйнөнүн тандалган спортчулары катышып жатканын, Кыргызстанда бул спорттун башатында маркум Эркинбек Тезекбаев турганын, анын шакирттери демилгени, мурасты татыктуу улантып жатканын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары , Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов дагы мамлекеттик деңгээлде мас-рестлинг спортуна көңүл бурулуп жатканын, 2026-жылы Кыргыз жергесине өтө турган Бүткүл дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндарында дагы Таяк тартыш спортуна басым жасалаарын билгиледи.
Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, экс-премьер министр Темир Сариев жана эл аралык калыс, Таяк тартыш федерациясынын биринчи жетекчиси Эркинбек Тезекбаевдин достору, туугандары катышты.
Турнирдин ардактуу мейманы эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону Павел Пинигинге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов суусар тебетей кийгизип, баалуу чепкен жаап, ыраазычылыгын билдирди.
Бишкекте өтүп жаткан Бишкекте Таяк тартыш (Мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпионаты уюштурууда Азия Мас-рестлинг федерациясынын биринчи вице-президенти Искендер Алымбеков жана Кыргыз Республикасынын Таяк тартыш федерациясынын президенти Бакыт Жетигенов баштаган жамаатын аракети мелдештерди эл аралык деңгээлде өткөрүүгө негиз болуп, Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын жетекчилигинин ыраазычылыгына ээ болгону кубандырат.
Дүйнө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 20 медаль (5 алтын, 7 күмүш, 8 коло) жеңишти:
Чоңдор арасында (эркектер):
60 кг Азиз Асанов;
+125кг Абдель Эсенгулов;
90 кг Русланбек Чыныбек уулу;
105 кг Келдибек Атайбек уулу;
125 кг Улукбек Ырысбаев.
Чоңдор арасында (кыз-келиндер):
75 кг Назия Майлибашева;
85 кг Дильдора Рахманова;
Жаштар арасында (эркектер):
50 кг Рамиль Карыбаев;
70 кг Жанарбек Турдушев;
+80 кг Байсал Асанов;
50 кг Ильгиз Абалбеков;
+80 кг Ратбек Басылбеков.
Жаштар арасында (кыздар):
+70 кг Рамина Көчкөнбаева;
50 кг Айнура Урумова;
50 кг Фатима Абыкеева;
+70 кг Санирабига Жусупова;
Ардагерлер арасында (аялдар):
+65 кг Эхтибархан Сулейманова;
65 кг Марина Бейшеналиева.
Кыргызстандын курама командасын турнирге башкы машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Марат Раматов баштаган машыктыруучулар жамаатынын жетекчилиги алдында катышууда.
Бүгүн, 1-декабрда дагы Бишкек шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи күнкү мелдештери курч мүнөздө, атаандаштык маанайды өтүп жатат. Дүйнө чемпионаты бүгүн кечинде жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»
Комментарийлер