БИШКЕКТЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ БОЮНЧА БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  • 23.11.2023
  • 0

Бүгүн 23-ноябрда мектеп окуучуларын ар түрдүү жана пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуучу мектеп тамак – аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйба алмашуу максатында Көз карандысыз КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму башталды.

БИШКЕКТЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ БОЮНЧА БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Иш-чаранын ачылышында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөдү.

Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты– башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу, анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат, — деди. Ошондой эле, мектеп тамак-аш программасы жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүп, өзгөчө элет жериндеги аялуу үй — бүлөлөр үчүн социалдык коргоонун маанилүү тутумуна айланганын баса белгиледи.

БИШКЕКТЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ БОЮНЧА БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген иш-чара мектеп тамак-ашы чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга багытталат. Форум окуучулардын тамак-ашынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, анын ичинде ата-энелерди жана жеке бизнести тартуу жолу менен маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Форумга КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышууда.

Ф.К. “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер