Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 жаштагы бала каза болду

  • 02.10.2023
  • 0

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 жаштагы бала каза болду

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы көп кабаттуу турак үйдөн 29-сентябрда өрт чыгып, 3 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук өзгөчө крдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн.

Батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М. аттуу жаш бала каза болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер