БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ

  • 11.03.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ10-мартта Бишкектеги “Бишкек Арена” шаардык муз тебүү айдыңында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Анвар Оморканов билдирди.

Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Швеция өлкөсүнүн хоккей федерациясынын төрагасы Андерс Ларссон жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨБиринчилик үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттешүүлөр 16-мартта жыйынтыкталат.

Эгер ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

10-март күнкү беттешүүлөрдө Түштүк Африканын оюнчулары мексикалыктарды 6:3 эсебинде  утуп алды.  Андан соң Түркмөнстан менен Люксембург ойноп, беттешүү 4:3 эсебинде люксембургдуктардын пайдасына чечилди.

Аталган беттештерден кийин чемпионаттын ачылуу аземи өтүп, артынан эле Кыргызстан — Таиланд мелдеши башталып, 9:4 эсебинде таиланддыктар жеңишке жетип, чеберчилигин көрсөтө алышты.

11-мартта Кыргызстандын тандалма командасы Люксембург командасы менен мөрөй талашат. Беттешүү бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-мартта саат 20:00дө беттешет.

Оюндар «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында өткөрүп жатат. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3. Мелдеште жеңип чыккан команда экинчи дивизионго (Б тобу) жолдомо алат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨБИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ

Бөлүшүү

Комментарийлер