БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР БАЛА БАКЧА ИМАРАТЫ КАЙТАРЫЛДЫ
- 20.11.2024
- 0
Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 948 миллион сомго бааланып мамлекеттин балансына өткөрүлгөн ал бала бакча мурда Фрунзедеги “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турган. Аянты 2 800 чарчы метр болсо, жанаша жайгашкан жери бир гектардан ашкан.
Бала бакча 1993-жылы социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу жолу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Ал 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган соң, 2009-жылы жакын туугандарына белекке берүү келишими аркылуу өткөрүлгөнү маалым болду.
УКМК кызматкерлери бала бакчанын менчик ээлери бул социалдык мүлк аларга мыйзамсыз жол менен берилгенин түшүнүп, өз ыктыяры менен кайтарып беришкенин билдирди.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер