БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ САЛЫНГАН БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

  • 07.12.2023
  • 0

8-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Бишкек шаарындагы №18 жана № 59 мектеп-гимназияларынын жаңы салынган кошумча имараттарын көрүү үчүн пресс-тур уюштурулду.

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ САЛЫНГАН БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

Пресс-турдун программасы боюнча журналисттер  225 окуучуга ылайыкталган №18 мектеп-гимназиясынын кошумча салынган имаратын көрүп чыгышты.

Кошумча имараттын курулушу 2019-жылы башталган, сметалык наркы 54 737,7 миң сомду түзөт, жалпы аянты — 1544,0 м2. Эки кабаттан турган имаратта окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган: окуу класстары, медициналык кабинет, кулинария кабинети, химия жана биология кабинеттерине жанаша лабораториялык класстар жайгашкан жана санитардык түйүндөр каралган. Жаңы корпуста биринчи сменде – 451, ал эми экинчи сменде 304 бала билим алууда.

Бишкек шаарындагы № 59 мектеп-гимназиясында 2400дөн ашуун бала окуйт. Быйыл 150 орунга эсептелген, жалпы аянты 1072,6 м2, 2 кабаттуу заманбап талаптарга жооп берген кошумча корпустун курулушу жыйынтыкталган. Учурда жаңы курулган имаратта биринчи сменада – 180, ал эми экинчи сменде 220 бала билим алууда. Эски корпуста 1-6-класстардын окуучулары окуйт.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башкы адиси Анара Калыкова, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Кожоев катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер