Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды
- 02.10.2023
- 0
Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды. Алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун басма сөз кызматынан билдиришти.
“Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Беш лаваш” жана “Мидос” тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды”,- деп айтылат маалыматта.
Калган адамдар амбулатордук дарылоо алып жатышат. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн жабылды.
Бөлүшүү
Комментарийлер