БИШКЕК: МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ САНАРИП ФОРМАТТА ӨТТҮ
- 28.08.2024
- 0
Бишкек шаардык билим берүү департаменти “100 жыл билим: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” деген темада адатка айланган август педагогикалык конференциясы биринчи жолу жаңы форматта өтүп, анда инновациялык технологиялар колдонулду. Ошентип, борбордогу мектептердин жана бала бакчалардын бардык жетекчилерине онлайн режиминде конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк берилди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Санкт-Петербург жана Красноярск шаарларынын адистери катышты.
Маалыматка ылайык, борбордун муниципалитетинин башчысы ачылыш сөзүндө билим берүү тармагында да өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Административдик-аймактык реформанын алкагында мектептердин саны көбөйүп, жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер көбөйдү.
“Өзгөрүүлөр кылымындагы билим: өткөндүн сабактары, учурдун жаңылыктары, келечекке көз караш” деген темадагы негизги докладды Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жасады.
Мындан тышкары, конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп системаларын, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологияларды колдонуу боюнча бир катар докладдар окулду.
Конференция окуу процессин уюштуруунун жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуунун жаңы формаларын аныктоо, ошондой эле 2023-2024-окуу жылына карата окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу жана муниципалдык билим берүү системасын өнүктүрүү перспективаларын иштеп чыгуу максатында өткөрүлүүдө.
Конференциянын жүрүшүндө “ачык микрофон” бөлүгүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын билим берүү түзүмүндө 121 мектеп жана 111 бала бакча кошулду. Анын ичинен 12си адистештирилген, 6сы мектептен тышкары уюмдар. 2024-2025-окуу жылында 230 миңден ашык бала 1-сентябрда мектепке келип, мектеп партасына отурушат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер