БИРИНЧИ ЖОЛУ БИРИНЧИ КЛАССКА!
- 01.09.2023
- 0
Быйыл өлкө боюнча 1-класска 150 миңдей бала бармакчы. Электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан, бул сан өзгөрүшү мүмкүн экендиги да айтылууда. Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №96, №102 жалпы билим берүүчү орто мектептерде 2023-2024-жаңы окуу жылында биринчи класска келген окуучулардын саны арбын. Ушундай эле көрүнүш шаардагы №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинде өкүм сүрүүдө.
Ак-Ордо конушунда өткөн окуу жылында пайдаланууга берилген №102 жалпы билим берүүчү орто мектепке быйылкы окуу жылында биринчи класстарга 7 кыргыз, 6 орус класстары ачылды. Бүгүн, 1-сентябрь – Билим күнү экенине карабастан, жашаган жери боюнча же анысына карабай мектепке өз баласын каттоого алып келген ата-энелер жок эмес.
— Былтыр мектеп жаңы ачылган тушта 2000 окуучу менен окуу жылын баштасак, быйыл окуучулардын саны 3000 ге жетти. Өзгөчө орус класстарына окутат элем деген ата-энелер көп. Алар балам кыргызча түшүнбөйт, орус тилиндеги бакчага барган деген жүйөөлөрүн айтышат, – дейт Бишкек шаарындагы №102 жалпы билим берүүчү орто мектептин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Айгүл Ормукова.
Мектеп директорлорун тандоо сынагынан ийгиликтүү өтүп, кошуна №96 жалпы билим берүүчү орто мектепке директор болуп дайындалган Аида Дооталиева — шаардагы эң бир демилгелүү директорлордун бири. Ал буга чейин Ак-Өргө конушундагы №77 орто мектепти ийгиликтүү жетектеп келди.
— Бизде башынан эле орус класстары жок. 450 окуучу электрондук каттоо аркылуу биринчи класска катталды. Бир класста 42-48 окуучудан болууда. Бул албетте, мугалимге бир топ түйшүктү жаратат. Ошентсе да, мугалимдерибиздин окутам, үйрөтөм деген каалоосу жогору, – дейт Аида Арыпбековна.
Ош базарына чукул жайгашкан №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинде 2016-жылы кыргыз класстары ачылган болчу. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Назира Камчыбекованын маалыматына караганда, биринчи класстарга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү эки класс кошулду. Бул билим очогунун да эң чоң көйгөйү окуу бөлмөлөрүнүн тартыштыгы болууда.
— Долбоордук кубаттуулугу 860 окуучуга эсептелген мектепте учурда 3300 окуучу билим алууда. Бул биз үчүн өтө чоң көйгөй! Анткен менен кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Быйыл математика, орус тили, тарых, экономика предметтерин тереңдетип үйрөтүүчү кошумча класстарды ачтык, – деди Назира Токтоказиевна.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер