“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

  • 17.05.2024
  • 0

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Нуржан Исакова Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барат. Бул баалуу сыйлык ага Санжарбек Данияровдун коомдук фонду өткөргөн “Биринчи мугалим-2024” сынагынын жеңүүчүсү катары ыйгарылды.

Нуржан Исакова — айыл мектептеринин башталгыч класс мугалимдерине арналып 12 жылдан бери өткөрүлүп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын биринчи турунда “Эмгек миграциясы жакшыбы же жаманбы? Айылдык мугалимдин көз карашы” темасында дилбаян жазып, эң жогорку упай топтогон алты мугалимдин бири. Быйыл республикабыздын аймактарынан 141 мугалим дилбаян жазып жөнөткөн.

Сынактын бетме-бет өтүүчү экинчи туруна Нуржан Шамуратовнадан тышкары Баткен районундагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Аймыскал Ганыева, Жайыл районундагы Алексеевка айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Айгүл Жапарова, Тоң районунун Темир-Канат айылындагы К.Тилеков атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Бермет Дүйшөнбү кызы, Түп районунун Бирлик айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими
Гүлзана Серкебаева жана Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы А.Казакбаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Индира Уметалиева катышты. Бул мугалимдер бири-биринен бир, эки гана упай менен айырмаланганын белгилей кетели.

Күйөрмандардын көз алдында жана калыстар тобунун калыс баалоосунда оозеки өткөн экинчи турдун жүрүшүндө талапкерлер алдын-ала даярдалган суроолорго жооп беришти. Турмуштагы ар түрдүү кырдаалдарга жараша түзүлгөн суроолорго мугалимдер өз практикасында колдонгон ыкмаларынан мисал келтирип айтып беришти. Сынакка үчүнчү жолу катышып жаткан Нуржан Исакованын бай тажрыйбасынан алынган мисалдары, жаш болсо да так жана таасирдүү айтып берген Индира Уметалиеванын жооптору калыстардын көз жаздымында калган жок. Натыйжада, ошондой эле бир аз гана айырма менен Нуржан Исакова баш байгеге, Индира Уметалиева экинчи орунга озуп чыгып, өрүкзарлуу Баткенден келген Аймыскал Ганыевага үчүнчү байгелүү орун тийди. Эми үч мугалим өз классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына эки күнгө экскурсияга келип кетет.

“Биринчи мугалим” сынагы Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан быйыл 12-жолу өткөрүлдү. Фонддун түзүүчүсү жана директору Асель Даниярованын айтымында, айыл мектептеринде эмгектенген башталгыч класс мугалимдери үчүн атайын арналып уюштурулган сынак жыл сайын кеңири кулач жайып, агартуу тармагынын күйөрмандар арасында болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болуп келатат.

— Биринчи мугалим дегенде эле бизди окуткан мугалим, анан албетте, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” эсибизге келет. Балдардын билим пайдубалын түптөөдө башталгыч классынын мугалиминин эмгеги зор. Мектеп босогосун жаңы аттаган баланын окуудагы жетишкендиктери аны окуткан мугалимдин эмгегинен түздөн-түз көз каранды. Мугалим балдарды өз билим деңгээлине жараша окутат. Биздин фонд жыл сайын өткөрүп келаткан сынактын түп максаты – биринчи мугалимдин билим тажрыйбасын байытуу. Бекеринен баш байге дүйнөлүк масштабдагы маданий очоктор жайгашкан Москва шаарына 10 күндүк саякат деп белгиленген жок. Себеби “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, мугалим маданий-маалыматын арттыруучу дүйнөгө таанымал музей-театрларга барып, билим куржунун толуктап, толтуруп келсе, анан окуучуларына өз көзү менен көргөн кызыктарды айтып берсе деген максатыбыз бар, — дейт Асель Санжарбековна.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

Сынактын катышуучулары жана меймандары үчүн жыл сайын белгилүү инсандар менен жолугушуу өткөрүү жакшы салтка айланган. Быйылкы мейман кыргыздын белгилүү драматургу, продюсер, «Кыргызсериалы» студиясынын негиздөөчүсү Жеңишкүл Өзүбекова болду.

Аталган фонд “Биринчи мугалим” сынагынан тышкары агартуу майданында көп жыл эмгектенип, ийгилик жараткан башталгыч класс мугалимдерине эки жылдан бери “Урмат белгиси” төш белгисин ыйгарып келет. Быйыл да ал салт уланып, бир катар мугалим төш белги тагынды.

Асель Даниярова быйыл дагы бир жагымдуу саамалык кошулганын, фонддун ишин колдогон достору “Фонддун шериктеши” төш белгисин даярдап беришкенин сүйүнчүлөдү. Бул төш белгиге фонддун ишине туш тараптан колдоо көрсөткөн өнөктөштөрү татыктуу болду. Алардын бири – Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы Макмал мектебинин башталгыч классынын мугалими, сынактын 2019-жылдагы финалисти Жанара Бекташова ага ишеним артылып эксперт болгонун, натыйжада “Фонддун шериктеши” сыйлыгын алгандагы сүйүнүчү менен бөлүштү.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

— Мен сынакка 2019-жылы катышып, финалга чыккан элем, бирок пандемияга байланыштуу биздин экскурсия 2022-жылдын 20-майында болду. Классымдагы окуучуларым менен Бишкек шаарына келип-кеткенибиз окуучуларымдын эле эмес, алардын ата-энелеринин, бүтүндөй айылдын эсинен али кете элек. Айрыкча, балдардын ата-энелери ыраазычылыктарын билдирип, өздөрү студент кезде араң көргөн жерлерди балдарына мектеп курагынан көргөзүп тааныштырган үчүн фонддун директоруна, мугалим катары мага ыраазычылыгын айтып бүтпөйт. Окуучуларымдын бактылуу көз ирмемдерин көрүү, кубанычын тең бөлүшүү  менин мугалимдик ишиме мурда болуп көрбөгөндөй стимул болду, — дейт Жанара.

үчүнчү байгелүү орунга жетишкен Аймыскал Ганыева сынакка быйыл биринчи жолу катышты. Мурда каалоосу күч болгон менен сааты чыкпай келсе, дилбаяндын темасы чоң түрткү бергенин айтты.

— Миграция темасы мага өтө жакын, ички сезимимдеги трагедияны жазуу мага өтө кызык болду. Классымда 20 окуучу болсо, алардын ичинен жок дегенде 8-10 баланын ата-энеси мигрант. Экинчи турдагы суроолорго канааттандырарлык жооп бердим деп ойлойм. Мугалим – бул агартуучу, жаратман адам, анын ишиндеги ийгилиги алдыга койгон бир кадамдан башталат. Мен мектептен эле мугалим болууну кыялданчумун, бирок ата-энемдин мени окутканга шарты болбой жүргөндө, турмушка чыктым. Барган жеримдин колдоосу менен эки балалуу болгондон кийин гана кыялым ишке ашып, БатМУну сырттан окуп аяктадым. Арасында төрөп, кайра ишке чыгып жүрүп, азыркы даражага жеттим. Учурда алты балам бар. Кайын журтумдун, жолдошумдун колдоосуна чексиз ыраазымын, — дейт баатыр Баткенден келген мугалим Аймыскал Ганыева бактылуу жылмайып.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

“Урмат белгисин” алган Светлана Остроумова Тогуз-Булак айылынан келди. Сынакка эки жолу катышканын айткан
Светлана айым фермер жолдошу Үмүтбек экөө учурда бир эркек, эки кызды тарбиялашууда. Улуу кызы Мария КРСУнун студенти, ортончу уулу жана кичүүсү Алия мектеп окуучусу.

Ал эми сынакта такылдап так, кыска ынанымдуу сүйлөп, өзүн ишенимдүү алып жүргөнү менен калыстар тобунун көңүлүнө төп келген Индира Уметалиева —  Кемин районундагы А.Казакбаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими. Он жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалим быйыл сынакка биринчи жолу катышты.

— Сынак мага эмне берди? Калыстар тобунун, катышуучулардын айткандарын угуп, тажрыйба топтодум десем болот. Сынак мага бир нерсеге ишенип, аракеттенүү, изденүү керек экенин көргөздү. Миграция темасы мага жакын эле. Менин эң жакшы окуган окуучумдун ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, окуучу кызым эмгек мигранты болуп, башка өлкөгө кеткен апасы менен кеткенине ичим ачышып, дилбаянда ошол окуяны баяндагам. “Биринчи мугалим” сынагын уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен бирге, бул сынактын катышуучулары арбын болушун каалап кетким келет, — дейт Индира Уметалиева.

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ”: СЫЙЛЫГЫ ЖАНА СЫЙМЫГЫ

Канышай Төлөбекова жана Асель Асаналиева — Кемин районунун Алмалуу айылындагы Тентике Өмүралиев атындагы мектептин жаш мугалимдери калыстар тобунун мүчөлөрү менен. Эки жаш адис «Биринчи мугалим» сынагына быйыл биринчи жолу катышканын, бул сынак туш тараптан келген кесиптештери менен жакындан таанышып, тажрыйба топтогонго абдан ыңгайлуу шарт түзүп бергенин айтты.

P.S. “Кут Билим” гезитинде байма-бай чагылдырып келатканым үчүн мага да Санжарбек Данияровдун фондунун көп жылдан берки өнөктөшү катары “Фонддун шериктеши” төш белгиси ыйгарылганын сыймыктануу менен кошумчалап кетейин. Биринчилерди дайыма бирге колдоп, бирге сүрөп, ийгиликтерин бирге чагылдырып жүрө берели дегим келет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер