“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 11-ЖЕҢҮҮЧҮСҮҮ

  • 25.04.2023
  • 0

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН 11-ЖЕҢҮҮЧҮСҮҮ

Жыл сайын өтүүчү “Биринчи мугалим” сынагынын кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталды. Республикалык башталгыч класстын мугалимдеринин сынагы быйыл 11-жолу өткөрүлдү.

«Ааламга жол айылдан башталгандай, адамга жол мугалимден башталат” деп мугалимдердин, айрыкча, “Биринчи мугалим” деген ардактуу атка ээ болгон башталгыч класстын мугалимдери үчүн Санжарбек Данияровдун фонду уюштурган “Биринчи мугалим” сынагынын баш байгесине — Дүйнөлүк маданият борборлорунун бири — Москвага он күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу сыйлыгына Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ой-Терскен мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева ээ болду.

Адатта, И.Арабаев атындагы КМУда өтүүчү “Биринчи мугалим” сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты бул ирет И.Ахунбаев атындагы КММАда өткөрүлдү.  Сынактын шарты боюнча биринчи турдагы дилбаян жазууда эң жогорку упай топтогон алты финалист үч байгелүү орун үчүн күч сынашты.

КММАнын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирүү менен бирге, окуу жайдын эшиги элет мугалимдери үчүн ар дайым ачык экендигин айтты.

— Санжарбек Данияровдун фонду уюштурган сынактын кезектегиси ал өзү билим алган, 17 жыл жетекчилигинде иштеген медициналык академияда өткөрүлүп жатканы биз үчүн да аябай жагымдуу болууда. Биздеги чоң өнүгүү-өзгөрүүлөрдү өзүңүздөр да байкап жаткан чыгарсыздар, ал жаңылануулар жана жаңылыктар окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенованын түздөн-түз жетекчилиги менен жүзөгө ашырылууда. Окуу жайдын сыймыгы — 550 орундук заманбап жасалгаланган конференц-холл жана өлкөбүздүн медицинасынын жана медициналык педагогикасынын белгилүү төрт ишмери — Санжарбек Данияровдун, Иса Ахунбаевдин, Мирсаид Миррахимовдун жана Какиш Рыскулованын бириктирилип жасалган музей бөлмөлөрү ата мекен медицинасына кызыккандар үчүн илимий казына болору шексиз. Биздин окуу жай 1939-жылы Харьков шаарынан эвакуацияланып келгени маалым, эмдиги жылы медакадемиянын 85 жылдыгын белгилейбиз. Белгилей турган дагы бир юбилейлик дата бар. Быйыл окуу жайдын 60-жолку бүтүрүүчүлөрүн даярдап чыгарабыз, — деп окуу жайдагы жаңылыктар менен бөлүшө кетти.

Ырасында эле мындагы өзгөрүүлөрдү байкабай коюуга болбойт. Башкы корпусунун жыйын залы жаңыртылып, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылганы, академик-профессорлорго, үч жыл мурда каптаган коронавирус эпидемиясында эрдик көрсөткөн Адинай кызыбыздын жаркын элесине арналган музей бурчтар, скульптуралар окуу жайдын тарыхына арналган өзүнчө музейлер элет жеринен келген мугалимдер үчүн баа жеткис табылга болгону талашсыз.

Фонддун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованын маалыматы боюнча, быйылкы сынакка жалпысынан 116 дилбаян келип түшкөн. Аймактарга бөлүп карасак, Ак-Суу районунан – 16, Түп районунан – 15 жана Сокулук районунан 14 мугалим катышкан. Ак-Суу районунун башталгыч класстар мугалимдери жылдагыдай эле активдүүлүгүн көрсөтсө, быйыл Сокулук районунан 14 мугалим катышканы жагымдуу жаңылык болду.

— Сынакка келип түшкөн дилбаяндардын баарын калыстар тобунун мүчөлөрүнө баалоого жиберер алдында плагиатка жана сынактын Жобосунун шартына шайкештигин текшеребиз. Натыйжада, быйыл биздин сынакка 82 мугалимдин дилбаяны кабыл алынды. Билим берүү тармагынын эң мыкты адистеринин тобунан турган калыстарга ал дилбаяндар код коюлуп жиберилет, андыктан, кандайдыр бир одоно бузуулар орун алышы таптакыр мүмкүн эмес. Быйыл финалга чыккан мугалимдердин арасында беш-алты жыл катары менен катышкан мугалимдер бар экени биз үчүн жагымдуу болду, — дейт Асель Санжарбековна.

Мыктынын мыктысын аныктоочу сынактын экинчи туру башталар алдында, фонддун “Урмат белгиси” сыйлыгына татыктуу болгон мугалимдерди сыйлоо аземи болду. “Урмат белгиси” сыйлыгынын биринчисине Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы №21
К.Карачев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Таалайбек Мырзабаев ээ болгон эле. Ал ушуну менен төртүнчү жолу сынакты алып барып, катышуучулардын да, күйөрмандардын да купулуна толду.

Экинчи турдагы баш байге үчүн жарышка дилбаян жазууда эң жогорку упайга ээ болгон Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Гүлүмкан Турганбаева, Талас районундагы Г.Орозалиева атындагы мектептин мугалими Нурайым Назаралиева, Кара-Буура районундагы М.Акымбеков атындагы мектептин мугалими Аспира Рахматова, Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы №14 мектебинин мугалими Динара Шейшеканова, Кара-Кулжа районундагы Б.Бегиев атындагы мектептин мугалими Сүйүмкан Мийзамова жана Сокулук районундагы Д.Доронбеков атындагы мектептин мугалими Жылдыз Эрназарова озуп чыккан. Белгилей кетсек, Гүлүмкан Турганбаева бул сынакка жетинчи жолу катышып жатса, Аспира Рахматова үчүнчү жолу катышты.

Калыстар тобунун калыс баасы менен (экинчи турдун тапшырмаларын баалоо көрүүчүлөр алдында ачык өтөт) үч мугалимдин билими жогору бааланып, эң көп упай топтоого жетишти. Биринчи орунга — Гүлүмкан Турганбаева озуп чыкса, экинчи орунга Сүйүмкан Мийзамова, үчүнчү орунга Динара Шейшеканова ээ болду.

Сынактын уюштуруучулары белгилегендей, баш байге ээси жыл аягына чейин дүйнөлүк маданият борборлорунун бирине он күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу менен бирге эле, эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келмекчи. Ал эми экинчи жана үчүнчү орунду багындырган башталгыч класс мугалимдери эс алуу күндөрү классындагы окуучулар менен бирге Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет.

Баш байге ээси Гүлүмкан Турганбаева жогоруда белгилегендей, быйыл жетинчи жолу катышып, жеңишке жетип олтурат. Ал сынак калыс жана адилет өтөрүн, адамда ийгиликке жетем деген ишеним ар дайым болушу керек экендигин айтып, кубанычы менен бөлүштү.

— Мен ар кандай сынактарга катышып, өзүмдүн билим куржунумду толтуруп, өстүргөндү жакшы көрөм. “Биринчи мугалим” сынагынын жобосун окуп, жактырып катышууну чечкем.

Асель Санжарбековнанын айыл мектептеринде иштеген бизге окшогон мугалимдерине жасаган өзгөчө мээримдүү мамилесин сөз менен айтып жеткире албайм. Сынакты уюштуруудагы жогорку кесиптик чеберчилиги менен башкалардан айырмаланып турат. Былтыркы сынакта экинчи орунду ээлегем. Жеңишке жетүүнү эңсебеген адам болбосо керек, жеңишке жетүүнү максат койгонумду жашырбайм. Бул жолку “Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин орду” деген дилбаяндын темасы да мени өзүнө тартты. Менин ийгилигимди “Мээнеттен кайткан дөөлөт” десек жарашчудай, — дейт жылмайып.

Салт болуп калгандай, республикабыздын булуң-бурчтарынан келген башталгыч класстар мугалимдерине бул жолу ата-бала Турусбек жана Дмитрий Жумалиев музыкалык белек тартуулады. Ал эми сый төрдөгү ардактуу коноктун ордун белгилүү кыргыз таануучу Мелис Мураталиев ээлеп, кызыктуу баян куруп берди.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер