“БИРИНЧИ МУГАЛИМ — 2018” СЫНАГЫНА ДИЛБАЯНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА!
- 30.05.2018
- 0
Сынактын БЕШ мугалим жеңүүчүсү Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди!
Сынактын ТОГУЗ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН окуучулары мугалимдери жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен бирге Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияда болушту!
Санжарбек Данияровдун Фонду Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринин башталгыч класстарында иштеген мугалимдерин 7-жолку сынакка катышууга чакырат. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагына катышуу үчүн дилбаян жазып салып жиберүү керек.
Дилбаяндын темасы, дилбаянга талаптар, Уюштуруу комитетинин дареги БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУНДА көрсөтүлгөн.
2018-жылдагы СЫНАКТЫН ЖОБОСУ менен кайдан таанышууга болот:
- www.daniyarov.kg сайтынын: БИЛИМ БЕРҮҮ> БИРИНЧИ МУГАЛИМ рубрикасында жарыяланган.
- Кыргыз Республикасынын бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жана ошондой эле облустук Методикалык билим берүү борборлоруна жөнөтүлгөн
- 0(700)362407, 0(772) 804608 телефондору же [email protected] электрондук дарек боюнча кошумча маалыматтарды алууга болот.
Сынакка дилбаяндар 2018-жылдын 30-июнуна чейин кабыл алынат.
________________________________________________________________________________________________________________
www.daniyarov.kg
Комментарийлер