“БИРИНЧИ МУГАЛИМ — 2018” СЫНАГЫНА ДИЛБАЯНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА!

  • 30.05.2018
  • 0

Сынактын БЕШ мугалим жеңүүчүсү Москвага 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди!

Сынактын ТОГУЗ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН окуучулары мугалимдери жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү менен бирге Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу экскурсияда болушту!

Санжарбек Данияровдун Фонду Кыргыз Республикасынын айылдык мектептеринин башталгыч класстарында иштеген мугалимдерин 7-жолку сынакка катышууга чакырат. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагына катышуу үчүн дилбаян жазып салып жиберүү керек.

Дилбаяндын темасы, дилбаянга талаптар, Уюштуруу комитетинин дареги БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018 СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУНДА көрсөтүлгөн.

2018-жылдагы СЫНАКТЫН ЖОБОСУ менен кайдан таанышууга болот:

  • www.daniyarov.kg  сайтынын: БИЛИМ БЕРҮҮ> БИРИНЧИ МУГАЛИМ рубрикасында жарыяланган.
  • Кыргыз Республикасынын бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жана ошондой эле облустук Методикалык билим берүү борборлоруна жөнөтүлгөн
  • 0(700)362407, 0(772) 804608 телефондору же [email protected] электрондук дарек боюнча кошумча маалыматтарды алууга болот.

Сынакка дилбаяндар 2018-жылдын 30-июнуна чейин кабыл алынат.

________________________________________________________________________________________________________________

www.daniyarov.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер