БИРИМДИККЕ ҮНДӨГӨН СЫНАК УЛАНУУДА

  • 24.10.2022
  • 0

“Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштурган “Өлкөнүн күчү — элдердин достугунда” аттуу балдардын сүрөт сынагынын экинчи этабы башталды.

БИРИМДИККЕ ҮНДӨГӨН СЫНАК УЛАНУУДА

Үч этаптан турган сынактын биринчи этабы 19-сентябрда старт алган эле. Сынактын максаты – мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялоону күчөтүү, сый-урмат менен сыймыктанууну, биримдик жана ынтымак сезимдерин калыптандыруу жана өз ара түшүнүү. Сынакка өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарынан күн сайын ондогон сүрөттөр келүүдө. Ал сүрөттөрдө балдардын бүгүнкү дүйнөгө, өз Мекенине өздөрүнүн мамилеси чагылдырылган.

Сынакты уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 500дөн ашык эмгек келип түштү. Тарткан сүрөттөрү аркылуу бүткүл дүйнөгө элдердин биримдигин даңазалагысы келген жаш таланттардын эмгектерин кабыл алуу уланууда.

Эске сала кетсек, сынакка жети жаштан 18 жашка чейинки ар бир өспүрүм катыша алат. 24-октябрдан 31-октябрга чейин өтүп жаткан облустук экинчи турдан кийин үчүнчү, республикалык туру башталат. Ал 1-ноябрдан 10-ноябрга чейин өтөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер