“БИР АЙЫЛ – БИР ПРОДУКТ” ДОЛБООРУ ОШТУДА

  • 08.06.2023
  • 0

 JICAнын «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун өкүлдөрү ОшТУнун «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары менен жолугушту.

“БИР АЙЫЛ – БИР ПРОДУКТ” ДОЛБООРУ ОШТУДА

JICAнын «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун эксперти Акихиса Харагучи, «Бир айыл — бир продукт+1» коомдук бирикмесинин башчысы Наргиза Эркинбаева жана «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун Ош облусу боюнча өкүлү Айжан Мадымарова «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы» кафедрасына «Жергиликтүү ресурстарды изилдөө жана кызматташуу» иш-чарасынын алкагында келип, кафедранын окуу-лабораториялык базасы менен таанышып кетишти. Тараптар жолугушууда ошондой эле “Бир айыл – бир продукт” долбоорун Ош облусу боюнча масштабдоо жана долбоордун алкагында кафедра менен тыгыз байланышта кызматташуу механизмдерин талкуулашты.“БИР АЙЫЛ – БИР ПРОДУКТ” ДОЛБООРУ ОШТУДА

“Бир айыл – бир продукт” долбоору КР ЭКМ жана JICA тарабынан 2007-жылдан бери ишке ашырылып келүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер