БИР АЛКАК ЖАНА БИР ЖОЛ

  • 08.08.2024
  • 0

Кытай Эл Республикасынын Ляочэн шаарында өткөн “Бир алкак жана бир жол” эл аралык алмашуу конференциясына Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев жетектеген делегация катышып келди.

Конференциянын жүрүшүндө ОшТУ менен Ляочэн шаарындагы Жогорку технологиялык аймакты башкаруу комитети бир катар стратегиялык кызматташтык келишимдерине кол коюшту. Андан соң “Жаңы өндүрүмдүүлүктө өз ара байланыштын деңгээлин жогорулатуу жана кызматташтыкты кеңейтүү” деген темада эл аралык тажрыйба алмашуу

жолугушуусу өттү. ОшТУ менен кызматташуу максатында илимий изилдөө институттарынын, бир канча өндүрүштүк ишканалардын жана мекемелердин өкүлдөрү академиялык алмашууларды жүргүзүштү. Кыргызстандан, Беларусиядан жана Казакстандан келген окумуштуулар практикалык мазмундагы баяндамаларын жасап,

өндүрүшкө кийирүү үчүн сунуштарын беришти. Ректор Ж.Турсунбаев бул жолугушууда жыйынга катышкан кытайлык бардык компанияларды, ишканаларды ОшТУ менен биргелешип иштөөгө, инвестиция салууга үндөп өттү.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ляочэн шаарында 6,5 млн. калк жашайт, ал Кытай Эл Республикасынын Шандунь провициясында жайгашкан.

ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер