“БИЛИМГЕ ДИЛГИРЛИК” МУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРАТ

  • 25.02.2021
  • 0

25-февралда Казакстандын Назарбаев университетинин китепканасы жана ушул университеттин Жогорку билим мектеби Дүйшөн Шаматов менен Айгерим Алиаскардын «БІЛІМГЕ ҚҰШТАРЛЫҚ» («Билимге дилгирлик») китебинин бетачарын өткөрүштү.

“БИЛИМГЕ ДИЛГИРЛИК” МУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРАТ

Мугалимдердин кесиптик камылгасын арттыруу, чыгармачыл изденүүсүнө жол ачуу, инновациялык табылгаларды өздөштүрүүгө шыктандыруу, коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу, жамаатташып иштөө маданиятын өнүктүрүү сыяктуу маселелерди талдоого алган бул эмгек Д. Шаматовдун көп маанилүү «Таш уста» масели (притчасы) менен жыйынтыкталат. Анда  устаттык улуу жолдогу өзгөргүс жана дайыма өркүндөлүп туруучу өңүттөрү жөнүндө абдан таасирдүү баян келтирилген.

Авторлордун көп жылдык изилдөөлөрү менен бай тажрыйбасына негизделип жазылган бул китеп башка тилдерге да которулат деп ойлойбуз.

Иш-чара тууралуу толугураак маалыматты бул жактан алсаңыздар болот: https://nu-kz.libcal.com/event/3692602

 

Бөлүшүү

Комментарийлер