БИЛИМ СЫНАГЫ: ЖАҢЫЛАНУУЛАР ЖАНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР

  • 14.12.2017
  • 0

Мектеп окуучуларынын кезектеги республикалык олимпиадасы жаңы жобонун негизинде өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын билим жарышын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында олимпиаданын жобосун кайрадан иштеп чыгып, бир канча өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

БАРДЫК КААЛООЧУЛАРГА ЖОЛ АЧЫЛДЫ 

Жаңы жобого ылайык, быйыл олимпиадага окуган классына карабастан тиешелүү даярдыкка ээ болгон бардык каалоочулар катыша  алышат. Мурда  билим күчүн сыноо мүмкүнчүлүгү  9-10-11-класстын окуучуларына гана берилип келген.  Эми мындан ары өзүнүн билимине ишенген төмөнкү класстардын окуучулары да катышса болот. Алар мектеп администрациясынын сунуштамасынын жана ата-энелеринин арызынын негизинде өзүнчө каттоодон өтүшөт.

Жаңы жобонун дагы бир өзгөчөлүгү мурда тапшырмалар 10-класстар үчүн өзүнчө, 11-класстар үчүн өзүнчө түзүлсө, эми тапшырмалардын деңгээли бардык катышуучулар үчүн бирдей болот.

 

МЫКТЫЛАРГА КӨБҮРӨӨК МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТ

Бул жобонун кийинки өзгөчөлүгү – мурда ар бир этаптан 1-орунду алган гана окуучулар кийинки этапка катышууга укуктуу болсо, быйыл 1-этаптан  алдыңкы үч орунду ээлеген окуучулар 2-райондук, шаардык этапка катыша алышат. 3-областтык этапка болсо 2-этаптан 1-2-орунду камсыз кыла алган жеңүүчүлөр катышып, жыйынтыктоочу этап үчүн ат салышышат. Республикалык этапка дагы 3-этаптан 1-2-орунду жеңгендер барат.

  • Азыркы жаңы жобо республикалык олимпиада боюнча гана жазылды. Учурда жумушчу топ түзүлүп, эл аралык олимпиаданын тандоо туру боюнча өзүнчө жобо иштелип жатат. Эл аралык олимпиадага тандоо рейтинг менен жүргүзүлөт.  Беш предмет: физика, математика, химия, биология, информатика предметтери боюнча республикалык олимпиададан алдыңкы ондукка чыккандар өзүнчө ат салышышат. Ал үчүн атайын тапшырмалар түзүлөт, — дейт Айнура Кусеинова.

 

3-4-ЭТАПТЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ УЮМ ӨТКӨРӨТ

Олимпиаданын облустук жана республикалык этабын көз карандысыз уюм өткөрөт. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан олимпиаданы өткөрүп бере ала турган уюмдар үчүн тендер жарыяланат.  Ага билим берүү тармагына тиешеси бар, мурда баалоо мониторинг, олимпиада өткөрүп жүргөн тажрыйбалуу уюмдар катыша алышат.  Тендерден жеңип алган уюм 3-4-этаптын өтүшүнө толук жооптуу болот. Ал уюмга тапшырмаларды даярдоо, олимпиаданы таза өткөрүү, жеңүүчүлөрдү  аныктоо милдети жүктөлөт.

Бул этаптардын жюрилеринин курамына көз карандысыз уюмдун кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, тажрыйбалуу мугалимдер, илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү киргизилет. Жюринин курамы: ар бир предмет боюнча үч адамдан кем эмес — төрага, орун басары, катчы жана жюри мүчөлөрү болуп түзүлөт.

Олимпиаданын мектептик жана райондук этабын мурдагыдай эле областтык билим берүү борборлорунун, институттардын көзөмөлү астында райондук билим берүү бөлүмдөрү өздөрү өткөрүшөт.

 

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ УЮМДУН  АТКАРА ТУРГАН ФУНКЦИЯЛАРЫ

Тендерден утуп чыккан көз карандысыз уюм олимпиаданын III жана IV этаптары үчүн билим берүү программаларынын мазмунунун негизинде, олимпиадалык тапшырмаларга болгон талаптарды, ошондой эле катышуучулардын категорияларын эске алуу менен олимпиадалык тапшырмаларды түзөт. Тапшырмалар конверттерге «1-тур, күнү», «2-тур, күнү» белгиси менен чапталып, олимпиада башталганга чейин купуя сакташат. Тапшырмаларды басып чыгаруу жана сынак өтө турган жерлерге жеткирүү ишин мойнуна алып, жюрилердин, апелляциялык комиссиянын ишине катышат. Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөткө чейин олимпиаданын республикалык этабын уюштуруу комитетине ар бир предмет боюнча олимпиадалык тапшырмаларды баалоонун критерийин жана ыкмасын, катышуучуларды каттоо тартибин, олимпиадалык иштерди көрсөтүү, ошондой эле катышуучулардын апелляциясын кароо тартибин камтыган талаптарды иштеп чыгып, сунуштайт. Тапшырмалардын купуялуулугун сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Предметтер боюнча олимпиаданын тапшырмаларынын банкын түзүп, аны жыл сайын толуктап турат.

 

 

ПРЕДМЕТТЕР ӨЗГӨРГӨН ЖОК

Олимпиаданын 1-2-этабы мурдагыдай эле 12 предмет боюнча өткөрүлөт. Предметтердин тизмеси олимпиаданын тиешелүү уюштуруучулары тарабынан бекитилет. Ал эми III жана IV этаптары төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты,  англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Ар бир предмет боюнча Олимпиаданын I-II этаптарынын усулдук комиссиялары тиешелүү уюштуруу комитеттери тарабынан түзүлүп, тиешелүү уюштуруучулардын буйруктары менен бекитилет. Усулдук комиссиянын курамына жогорку окуу жайларынын окутуучулары,  илимий-педагогикалык институттардын кызматкерлери, тажрыйбалуу мугалимдер, билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана предметтик тармактын адистери кирет.

Тапшырмалар жогорку мотивациясы бар катышуучулардын белгилүү бир илимий  жааттагы окуу жөндөмдөрүн аныктоого багытталат. Тапшырма жооптордун кеңири диапазонуна, бир нече гипотезаларды баяндоого, ар кандай далил келтирүүлөрдү жана мүмкүн болушунча окуучулардын чыгармачыл мамилесин көрсөтүүгө жол берүүгө тийиш. Алар ачык же жабык түрүндө да болушу мүмкүн (жооптордун варианттары менен). Ачык тапшырмалар 30% кем эмес болот. Жабык типтеги суроолор жана тапшырмалар белгилүү бир жоболорду жана эрежелерди эске алуу менен түзүлөт. Практикалык/лабораториялык/оозеки тапшырмалар окуучулардын алган билимдерин өз алдынча практикада колдоно билүүсүн баалоого, маселелерди коюп, аларды жаңы шарттарда  чечүүгө жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө багытталууга тийиш.

 

 ТӨРТ ЭТАП МЕНЕН ӨТӨТ

Олимпиада жылдагыдай эле төрт этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап ноябрь айында мектептерде өтүп, учурда экинчи — райондук этапка даярдыктар жүрүүдө. Бул этап ушул айдын аягында райондордун, облустардын, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт. III этап  февраль айында облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде, республикалык этабы март айында Бишкекте өтөт.

Олимпиада II, III, IV этаптарында эки тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур – теориялык болуп, информатика предметинен тышкары бардык предметтер жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Информатикада компьютер пайдаланылат.  Экинчи – практикалык турда математика, физика, химия, биология, география, тарых боюнча жазуу түрүндө, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча оозеки жүргүзүлөт (жооптор диктофонго жана башка жазып алуу каражаттарына жазылат). Окутуу кыргыз (орус) тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин (класстардын) окуучулары үчүн жана кыргыз (орус) тили экинчи тил болуп саналган мектептердин (класстардын) окуучулары үчүн өзүнчө өткөрүлөт.

Математика, физика, химия, биология жана англис тили боюнча олимпиада  базалык жана айрым предметтерди тереңдетип окуткан мектептер үчүн өзүнчө өткөрүлөт. Англис тили боюнча тилди алып жүрүүчү өлкөгө барып келген жана предметти тереңдетип өздөштүрүү программасы боюнча алты айга чейин жашап келген окуучулар базалык категорияда катышат. Ал эми англис тили тереңдетилип окутулган мектептердин жана базалык мектептердин тилди алып жүрүүчү өлкөгө барып алты айдан ашык жашап келген окуучулары тереңдетилип окутулган топто күч сынашышат.

 

КАНДАЙ БААЛАНАТ?

Бардык предметтер боюнча олимпиада эки турдан туруп, эки күндүн ичинде өткөрүлөт. Практикалык тур өтө турган күнү аудиторияга кирүү алдында ар бир катышуучуга администратор катышуучунун аты-жөнүн алмаштырган код менен бейдж берет. Код берүү олимпиаданын экинчи туру өтүп жаткан  күнү жүргүзүлөт.

Катышуучулардын жазуу иштери атайын код менен жюри мүчөлөрүнүн колуна тиет. Ал байкоочулардын көз алдында текшерилет (калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулардын ишинде бардык жазууларды кызыл паста менен жүргүзүшөт). Жазуу иштери жюри мүчөлөрүнө берилип атайын бөлүнгөн жайга сакталат, даттануу болгон учурда аларды кайра алса болот.

Аткарылган иштерди баалоо белгиленген критерийлерге ылайык, балл системасы менен аныкталат. Жюринин төрагасы жюри мүчөлөрү менен чогуу   байкоочулардын көз алдында акыркы жыйынтыкты бекитишет, андан кийин код берүүчүлөр иштердин кодун ачышат.

Практикалык/жазуу/оозеки турлар критерийлердин негизинде бааланып, ар бир катышуучунун бейджинде көрсөтүлгөн код менен каттоого алынат.

Олимпиаданын тыянагы катышуучулардын эки турда алган баллынын суммасы аркылуу апелляциялык комиссиянын ишинен кийин чыгарылат. Талапка ылайык, ар бир катышуучу жыйынтыктар жарыялангандан кийин, бир сааттын ичинде же башка күнү апелляциялык комиссияга, анын төрагасына  өзүнүн иши боюнча коюлган баллга макул эместиги тууралуу арыз менен кайрылууга толук укуктуу.

Эгерде окуучу (же сабак берген мугалимдин, команда жетекчиси) тартип бузса же дагы кандайдыр бир жагымсыз иштерди жасаса уюштуруу комитети тарабынан олимпиададан чыгарылат жана кийинки жылы катышуу укугунан ажыратылат.

Олимпиаданын ар бир турунун жыйынтыгы өткөн күнү кулактандыруу тактасына илинет.

КУПУЯЛУУЛУК САКТАЛАТ

Уюштуруу комитеттеринин өкүлдөрү, усулдук комиссиялардын жана калыстар тобунун мүчөлөрү олимпиаданы өткөрүү принциптерин сактабаса же кандайдыр бир мыйзам, тартип бузууларга барса ээлеген кызматынан бошотууга чейинки жеке жоопкерчилик тартат.

 

МИНИСТРЛИКТЕ ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ ИШТЕЙТ

Олимпиаданын ар бир этабынын жүрүшүнө педагогикалык, ата-энелер коомчулугунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, көз карандысыз байкоочулар катышып, көз салышат. Бекитилген талаптарды бузуу фактылары аныкталганда, байкоочулар арыз менен Олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасына кайрылууга укуктуу.

Олимпиада жүрүп жаткан кезде Билим берүү жана илим министрлигинде атайын ишеним телефону иштейт. Эгерде окуучулар же алардын ата-энелери, байкоочулар  олимпиаданын бардык этаптарынын жүрүшүндө кандайдыр бир тартип бузууларды байкашса же кабылышса, жүйөлөрү далилдүү болсо республикалык олимпиаданын уюштуруу комитетине 66-23-70 номери аркылуу кайрылса болот.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер