БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП…

  • 27.03.2024
  • 0

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Н.К. Крупская атындагы сыйлыктын ээси, СССРдин эл агартуусунун мыктысы Бүкөш Казакбаеванын өлкөбүздүн билим берүү тармагына сиңирген эмгегин унутууга акыбыз жок. Эжейибиздин көзү өтүп кеткенине быйыл 13 жүзү болду.

Бүкөш Казакбаева 1926-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында төрөлгөн. Эмгек жолун ошол мезгилде айыл чөлкөмүндө мугалимдер жетишсиз болгондугуна байланыштуу 1941-жылы туулуп өскөн Чым-Коргон айылындагы мектепти аяктай электе эле,15 жашында өзү окуган мектебинде мугалимдик кесипте эмгек жолун баштаган. 1942-1945-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда окуп, кыргыз тил адабияты факультетин аяктаган.1945-жылы Кыргыз ССРнин Билим берүү министрлигинин жолдомосу менен  Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепке, кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалимдикке жиберилген. Ишке киришкенден кийин дароо коомдук иштерге активдүү катыша баштаган.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...1958-жылдан 1989-жылга чейин, 31 жыл мектептин директору болуп үзүрлүү эмгектенип, билим берүү тармагына зор салым кошкон. Ал кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун ыкмалары жана тарбия иштери боюнча көптөгөн макалаларды жазуу менен бирге кыргыз мектептеринин 3-классынын «Кыргыз тили» окуу китебинин авторлорунун бири болуп саналат. Мектепте педагогиканын инновациялык жаңылыктары киргизилип, сабак берүүнүн алдыңкы ыкмаларын жайылткан. 1970-жылдары мектепте физика-математикалык жана химиялык эксперименталдык класстар ачылып, окуучулары физика жана химия сабактарынан Бүткүл союздук олимпиадаларда республиканын намысын коргоп келишкен.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...Бүкөш эжебиздин жетекчилиги жана колдоосу менен мектеп окуучулары республикалык, облустук, олимпиадаларда, спартакиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп турушкан. Ал окуучуларын жыйынтыктоочу аттестацияга жогорку деңгээлде даярдаган. Ышкыбоздордун оюн-зоокторуна катышып, мектепте көп концерттер өткөрүлүп турчу, муну менен мугалимдерге жана окуучуларга жакшы мотивация берчү. Мектептин үйлөмө аспаптар оркестри Нарын шаарынын элдик майрамдарында кошумча шаңга бөлөп, техникалык ийримдин окуучуларынын ракеталары майрамдык демонстрацияларда асманга аттырылып турчу. Бүкөш Казакбаева нарктуу, чын дили менен берилген мугалим болгон. Анын мурунку окуучулары аны нагыз мугалим дешкен, анткени ал жогорку билимдүү, акылдуу жана ар адамдын тилин таба билип, дайыма сүйлөгөндө макал-лакаптарды кошуп сүйлөчү. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал өзүн мугалимдик кесиптен сырткары элестете алган эмес.

— Мен дагы ушул мектептен билим алып, жогорку окуу жайды бүтүп, англис тили боюнча мугалим болуп, эжей менен кесиптеш болгонум сыймыктанам. Абдан кыраакы жетекчи катары мугалимдерди сындан өткөрүп, өзү сабагына катышып, текшерип тандап алаар эле. Жакпай калган мугалимге эч убакта катуу айтып, шагын сындырчу эмес. “Сага башка мектептен орун таап койдум. Үйүңө жакын болгондуктан жол азабын тартып убара болбойсуң. Жакшы иштеп, бизди уят кылбайт деп ишенем”-деп жакшы кеп-кеңештерин айтып, сылык-сыпаа гана узатып койчу.1988-1989-жылдары эжейдин демилгеси жана аракети менен жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп, заманбап мектеп курулган. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнө 44 жолу өз колу менен жетилүү аттестаттарын тапшырып, турмуштук жолго узаткан. Ал түгүл ооруканага жатып калсаң, директор болсо дагы улук башын кичик кылып, ал-жайыңды сураганы өзү келип кетээр эле. Биздин чыгаан устабыз, кеңешчибиз болчу,-деп эскерет кесиптеши,ушул мектептин англис тили сабагынын мугалими, билим берүүнүн мыктысы Светалана Кеналиева.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...-Бүкөш эжейден таалим-тарбия алган  бүтүрүүчүлөрү: советтик жана кыргызстандык академик, профессорлор Үсөн Асанов, Жолдон Саламатов, Дүрбөлөң Мамбетов, Жумабек Тентиев, Чоротегин Тынчтыкбек, Рая Султаналиева жана башка кыргыздын көптөгөн белгилүү адамдары.

Бүкөш Казакбаева эл агартуу тармагында талыкпай 50 жыл эмгектенди. Бир нече жолу облустук, шаардык Кеңештердин депутаты болгон. 1958-жылы СССР Жогорку Советинин  депутаттыгына шайланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Б.Казакбаева СССРдин эл агартуу тармагы боюнча эң башкы сыйлыгы болгон  Н.К. Крупская медалы менен сыйланган. Ошондой эле Н.К. Крупская атындагы сыйлыктын лауреаты да болгон. Ал адамдарга жасаган сергек мамилеси, бийик адамкерчилиги менен замандаштарынын, кесиптештеринин, ага-тууган, тели-теңтуштарынын жана  окуучуларынын арасында зор кадыр-баркка ээ эле. СССРдин жана Кыргыз ССРинин “Эл агартуусунун отличниги”, Эмгек Кызыл Туу жана Ардак Белгиси ордендери, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, В.Лениндин “100 жылдык” юбилейлик медалдары баштаган СССРдин ондон ашык медалдары жана төш белгилери менен сыйланган. Талапты катуу койгон мугалим, ишти мыкты уюштура билген жетекчи болгону менен, тамашакөй, адамкерчилиги бийик адам эле,-дейт билим берүүнүн мыктысы Чолпонбек Тиленбаев.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...Б.Казакбаевага Нарын шаарынын «Ардактуу айымы», Нарын областынын «Мээрман энеси» деген нукура элдик ардак наамдарга  татыктуу болгон. Казакбаева Букешке  «Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн» атайын пенсия чектелген.

-Бүкеш Казакбаевна ар дайым терең жоопкерчиликтүү инсан, өз ишинин чыныгы адиси, нагыз мыкты мугалим болгон. Ошентип ал биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калат. Окуучулары аң-сезимибизде, жүрөгүбүздө жакшы из калтырган, бизге терең билим берген адам катары эстейбиз. Эжейдин педагогдук акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баео көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин терең билим, мыкты таалим-тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ эле. Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан жаштардын жан-дилине илим-билимдин үрөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн Бүкөш эжейге кандай алкыш, ыраазычылык айтсак дагы жарашат. Биз билим алган Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти Нарын облусу гана эмес, республика боюнча таанымал, мыкты мектептердин алдыңкы сабына кошулушуна директор катары Бүкөш Казакбаева көп мээнет кылган. Менин дагы окутуучу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор,Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Россиянын табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, “Даңк” медалынын ээси болушума эжейимдин таасири зор болгон.Себеби мен бул мектепти 1970-жылы алтын медаль менен бүтүргөм, -дейт Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин физика кафедрасынын башчысы Рая Султаналиева.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...Бүкөш Казакбаеванын мугалимдик түйшүктүү ишине үй-бүлөсү ар дайым ишенимдүү таяныч болуп келген. Айрыкча өмүрлүк жолдошу аны дайыма колдоп турган. Коомдук ишмер Бейше Соодонбеков (1922-1975-жж.) менен 1945-жылы баш кошушкан. Жубайы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, жазуучу, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Нарын облусунун партиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, облустук газетанын баш редактору жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. Өмүрлүк жолдошу менен беш баланы, небере-чөбөрөлөрдү тарбиялап өстүрүшкөн.  Бүкөш эжей 2011-жылдын 12-апрелинде дүйнөдөн кайткан.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...2023-жылдын декабрь айында Кыргыз  ССРинин эмгек сиңирген мугалими Бүкөш Казакбаеванын элеси түбөлүккө калтыруу максатында  50 жыл мугалимдик кылган Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектепке мемориалдык такта орнотулган.

БИЛИМ МУРАБЫ: БҮКӨШ КАЗАКБАЕВАНЫ ЭСКЕРИП...Бүкөш эжей ар дайым  жоопкерчиликтүү, айкөл инсан, өз ишинин чыныгы адиси, нагыз, таланттуу мугалим катары окуучуларынын жана шакирттеринин жүрөгүндө ар дайым сакталып калат.

Кабыл Макешов,

Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин 1979-жылкы бүтүрүүчүсү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер