«БИЛИМ КӨПТҮК, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ»

  • 30.11.2023
  • 0

Талас районундагы А.Огонбаев атындагы орто мектебинде тажрыйба жайылтуу максатында «Билим көптүк, өнөр аздык кылбайт» аттуу  директорлордун  облустук семинары өткөрүлдү.

"БИЛИМ КӨПТҮК, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ" "БИЛИМ КӨПТҮК, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ"

Семинарга Манас, Бакай-Ата, Айтматов, Талас райондорунун жана Талас шаарынын мектеп мүдүрлөрү, Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова, усулчусу Д.Сулайманова жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

"БИЛИМ КӨПТҮК, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ"

— Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө  Атай Огонбаевдин музейине экскурсия жүргүзүлдү (А.Сапаралиева) жана мектеп жетекчиси Ж.Сүйүнтбекова тарабынан иш номенклатурасы боюнча  документтерди, мектептин өнүгүү планын, педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча материалдарды тааныштырып өттү.  Андан соң билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Көчөрбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө түшүндүрүп, иш кагаздарын жүргүзүүдө кетирген кемчиликтерге токтолуп, туура жазылышын көрсөтүп берди. Ал эми мектептин мыкты мугалимдери тарабынан  «Ата-энелер мектеби» программасынын негизинде (Ж.Садыралиева), PISA-2025 эл аралык изилдөөгө даярдык (Р.Самакова), «Сергек жашоо мүнөзү»  программасынын негизинде «Достук сармерден» (Г.Шекербекова, Ж.Райымкулова) жана адабий ийримдердин (А.Ниязбеков, С.Козубаев, М.Сагынбаева), «Аракет»  тынчтык куруучулар клубунун (Азамат Асеин уулу, К.Наркулова) практикалык, класстан тышкаркы ишмердүүлүгү көрсөтүлдү, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова.

Жыйынтыгында Талас билим берүү усулдук борбору, катышуучулар тарабынан семинар натыйжалуу болгону баса белгиленип, уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер