БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

  • 19.02.2025
  • 0

Талас облусунда 2025-жылдын 18-февралында мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасынын 2-туру өткөрүлүп жатат. Облус боюнча 1250 окуучу катышууда.

БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси  Салтанат Бейшенованын айтымына караганда,   Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Талас шаарындагы №2 орто мектебинде бир гана информатика предметинен «Манас Ата» Талас лицейинде өткөрүлүп жатат. Облус боюнча олимпиаданын тапшырмалары өз  убагында келди, тапшырмаларды көбөйтүү процесси Талас райондук, шаардык билим берүү  тарабынан түз эфир аркылуу соц.баракчага чагылдырылды.

— Олимпиаданын ачылыш аземи 9:30да аяктап, 9:30дан 10:00гө чейин администраторлорго, олимпиаданын катышуучуларына инструктаж өткөрүлүп, туура саат 10:00дө олимпиада башталды. Саат 14:00дө баалоо критерийлери келип, бардык предметтерге көбөйтүлүп, комиссия курамы 14:30да текшерип баштады. Азыркы учурда текшерүү процесси уланууда, эч кандай тартип бузуулар катталган жок.  276 окуучу катышты.  Бакай-Ата районунда 247 окуучу катышты.  Калыстар тобу тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат. Айтматов районунда мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы 365 окуучусунун катышуусунда өткөрүлдү. 12 предметтен тапшырмалар өз убагында чыгарылды. Олимпиаданын жооптору өз убагында алынып, калыстар тобуна нускалар менен тааныштырды. Код менен иштер калыстар тобуна берилип, текшерилүүдө. Манас районуна 362 окуучу катышты.  Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 1-күнү өттү. Талас облусу боюнча 1250 окуучу райондук этапка катышты. Тынч абалда өтүлдү, тартип бузуулар катталган жок, — дейт жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер