БИЛИМ ДҮЙНӨСҮН БАГЫНДЫРГАН БАЛДАР

  • 31.07.2023
  • 0

 “Мен келечекте биоинженер болгум келет” – дейт быйыл Бириккен Араб Эмираттарында өткөн XXXIV Эл аралык олимпиадада биология предметинен коло медаль алган Данияр Гаипов.

БИЛИМ ДҮЙНӨСҮН БАГЫНДЫРГАН БАЛДАР

Данияр Гаипов Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу. Ал акыркы төрт жыл аралыгында өзгөчө ынтаа менен олипиадага даярданып, жеңишке жетүүнү максат кылып келген. Дүйнөнүн 79 өлкөсүнөн келген 297 катышуучунун ичинен суурулуп чыгып, коло медалга ээ болгону – албетте, зор сыймык. Айрыкча, ата-энеси, окуткан мугалимдери жана жалпы эле Кыргызстандын эли сыймыктанып турган кез.

— Олимпиада абдан жогорку деңгээлде өттү. Биринчиден, албетте, жаңы адамдар, жаңы маданият менен тааныштык. Ага 80ге жакын өлкө катышты. Кыска убакыт аралыгында көптөгөн ар түрдүү адамдар менен таанышып, эстен кеткис сезимдерге ээ болдум. Адамдар биологиялык жактан алып караганда бирдей болгону менен ар кандай, көз караштары да ар түрдүү. Бул мен үчүн өтө кызыктуу илим. Аны бардык жерден көрүүгө болот, анткени биология – бул жашоо, кызыктуу процесс. Мен кийинки жылдарда Кыргызстан бир эле эмес, бир нече медаль алышын, анын төрт түрүнө ээ болушун каалайм, — дейт коло медаль ээси.

Бул Эл аралык олимпиада 1990-жылдан бери ар жыл сайын июль айында өткөрүлүп келет. Кыргызстан 1994-жылдан бери катышат.

Даниярды олимпиадага Эльбрус Тажибаев даярдаган. Анын айтымында, билим жарышында ийгилик жаратуу үчүн балдарды жок дегенде үч-төрт жыл үзгүлтүксүз жана тынымсыз даярдоо керек. Бакшача айтканда, бул иш оңбогондой эмгекти талап кылат.

— Мен Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейде биология мугалими болуп эмгектенем. Андан тышкары лицейдеги Олимпиада борборунда балдарды биологиядан даярдайм. Жеңишке жетиш үчүн көп эмгек сарпталат. Эң жок дегенде үч-төрт жыл тынымсыз күч жумшайбыз. Кайсы предметке болбосун, жөндөмдүү балдарды жетинчи класска чейин эле иликтеп баштайбыз. Эң биринчи баланын таланты, жөндөмү барбы-жокпу таап чыгышыбыз керек. Андан кийин анын мүнөзү, өжөрлүгү барбы, ошону текшеребиз. Албетте, андай жөндөмдөр дароо эле билинбейт, ортодо узак процесс болот. Адегенде 20-30 бала кызыгып катыша башташы мүмкүн, бирок анын ичинен бир-экөө гана суурулуп чыгат. Биз жылына төрт баланы олимпиадага жиберебиз. Азырынча бирден гана медаль алып жатабыз, — дейт Э.Тажибаев.

Эльбрус Тажибаев ар жылы жетишкен ийгиликтерге, ошол эле учурда кетирген кемчиликтерге анализ жүргүзүүдө эң оболу комплекстүү мамиле керек экендигин байкаган.

— Менин байкаганым – бизге комплекстүү мамиле керек экен. Комплекстүү дегеним, балага биринчи класстан баштап билим берүүдө дүйнөнүн эң акыркы стандарттарына шайкеш келген реформа жасоо керек. Мен чет өлкөлөрдөгү башка кесиптештерим менен сүйлөшкөндө, алар биз балдарды даярдабайбыз деле, аларды мектеп өзү даярдайт деп айтышат. Тагыраак айтканда, мектептеги окутуу процесси өзү даярдайт. Жылдын аягында 20 чакты баланын ичинен төрт баланы тандап алышат. Мисалы, Сингапурдагы калктын саны биздей эле бир шаарда 27 мектеп бар. Алар окуучулардын арасынан көп деле тандабайт, даярдабайт деле. Бирок натыйжасы жакшы. Мисалы, быйыл алар төрт алтын медаль алды, — дейт ал.

Химия мугалими Альмир Самаркулов да ушундай эле пикирде. Балдарда белгилүү бир максат, ага умтулуу болбосо, аракетиң текке кетери анык.

— Мен да балдарды олимпиадага даярдаган тренермин. Албетте, окуучуларды даярдаган мугалимдин да билими күчтүү болушу керек. Ошол эле учурда балдарда олимпиадага катышам, жеңем деген максаты, умтулуусу күчтүү болуусу зарыл. Биз окуучуларга жалпы эле олимпиадалар, алардын артыкчылыктары жөнүндө айтып беребиз. Ошондо аларда кандайдыр бир көндүмдөр пайда болот, ошонун жардамы менен ийгиликтерге жетишет.

Биз химия боюнча Эл аралык олимпиадада коло медаль алган Иван Решетниковду 8-класстан баштап, төрт жылдан бери даярдап келебиз. Былтыр коло медаль алган, быйыл да коло медаль тагынды. Ал бизге лабораториялык иштерден кыйынчылыктар болгонун айтты. Чын эле биздин балдар лабораториялык иштерди даярдоодон кыйналышат, анткени Кыргызстанда лабораториялар жок, мамлекет ушул жактан жардам берсе, — дейт Альмир.

Төрт жылдан бери Эл аралык олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багындырып келаткан Иван Решетников Токмок шаарындагы Ж.Баласагын атындагы лицейде билим алган. Ал дагы биз менен олимпиада боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

— Олимпиада эң жогорку деңгээлде өттү. Тапшырмалар да сапаттуу, авторлору 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар адистер даярдаган тапшырмалар болду. Биз тилекке каршы, Кыргызстанда эксперименталдык тажрыйба жүргүзүү боюнча даярдыктан өткөн эмеспиз, ошондуктан бул жагы мен үчүн кыйыныраак болду. Офлайн катышуу бир кыйла кызыктуу, биринчиден, сен мурда көрбөгөн өлкөгө барасың, экинчиден, көптөгөн катышуучулар менен таанышасың. Бул эң сонун эмоцияларды тартуулайт, — деди ал.

Бөлүшүү

Комментарийлер