БИЛИМ ЧАБЫТЫ БИЙИК, ОЙ ӨРҮШҮ КЕНЕН МУГАЛИМ
- 22.09.2023
- 0
Сатыбалды Мамбеткулов 1954-жылы төрөлгөн. Орто мектепти бүтөрү менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн 1977-жылы ийгиликтүү аяктайт. Алгачкы эмгек жолун 1977-1986-жылдары Тянь-Шань районуна караштуу Куйбышев атындагы орто мектепте кыргыз-тили жана адабияты мугалими болуп иштеп баштаган. 1982-1998-жылдары аталган мектепте тарбия завуч, окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1998-2003-жылдары Актан Тыныбеков атындагы орто мектептин директору болуп үзүрлүү эмгектенген. 2003-2018-жылдары «Адеп сабагы» боюнча билим берген. Жалпы педагогикалык эмгек наамасы – 40 жыл.
Ар бир коомдун интеллектуалдык, илимий, маданий өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мугалимдикти кесипке өмүрүн арнаган адамдардын деңгээлине жараша бааланарын тарых өзү тастыктап келет. Алган билими төмөн, адеп-ахлагы тайкы, бала окутканга анчейин олуттуу карабаган мугалимдерден билим алгандардын келечеги бүдөмүк жана кооптуу болору анык. Нарын районуна караштуу Актан Тыныбеков атындагы орто мектеп тээ эсил кайран Союздун учурунда эле потенциалы бийик, атак-даңкы таш жарган алдыңкы мектептердин сап башында турган билим уясы болчу. Ошол мезгилдин коррифейлери болушкан Орунбүбү Жакеева, Ниязбек Касмалиев, Асанкул Жумабаев, Асан Заркунов, Сатыбалды Мамбеткулов ж.б. иштеп жетектеп турган учур мектептин алтын доору болгон экен. Биз сөз кыла турган инсан Сатыбалды Мамбеткулов 1982-2003-жылга чейин аталган мектепте тарбия завуч, окуу бөлүмүнүн башчысы жана мектеп директору болуп үзүрлүү эмгектенген.
Сатыбалды ага талыкпастан эмгек өтөгөн кырк жыл аралыгында, окуу-тарбия иштерин уюштурууда инновациялык жаңы өзгөрүүлөрдү киргизүү менен зор иштерди аткарууга жетишкен. Алып айтсак, мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, инвестиция тартылып, долбоорлор менен иштөө жакшы жолго коюлган. Кыргыз тилинин окуу-методикалык ишмердүүлүгүн арттырып, окууга керектүү бир катар колдонмолорду, эмгектерди иштеп чыккан. Ал жетектеген мектеп жана окуткан класстары билим жагынан эң алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен. Анын тарбиялаган балдарынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга белгилүү инсандар, илимпоздор, журналисттерден болушкан. Жетекчилик кызматын аркалоо менен бирге, мектептин ички тартибин чыңдоого, предметтик секцияларды жолго коюп, райондо биринчи болуп сабак өтүүнүн стандарттык эмес формаларын ишке ашырууга жетишкен. Мугалимдик кесибинен тышкары, коомдук иштерге да активдүү катышып, айылдык кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты жана Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы кызматын да аркалаган.
Анын тарбиялаган балдарынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга белгилүү инсандар, илимпоздор, журналисттерден болушкан.
Билим берүүдө мугалимдин билим деңгээли, окутуу ыкмасы, ар тараптуу жана күчтүү болушу абзел. Биздин учурда окуучулардын ой жүгүртүүсүнө, билимди кабыл алуу жөндөмүнө карата ар кандай жолдорду издеп, билим берүүгө аракеттенип эмгектенгенбиз. Мында окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн, балдардын жан дүйнөсүн козгоо менен аларга ар кандай усулдук көрсөтмөлөрдү колдонуу керек. Себеби сабакты бирөөсү кеч, бирөөсү эрте кабыл алат. Диференциалдуу ыкмаларды пайдалануу менен, окуучулардын жан дүйнөсүнө турмуш менен айкалыштырып үлгүлүү адамдардын өмүр таржымалын жеткирип окутуп, тарбиялоо негизги милдет болуп эсептелет. Өткөн доордун да эң алдыңкы үлгүлүү мугалим агай-эжейлерибиздин ысымдарын атай кетсем. Биздин мектепке опол тоодой эмгек сиңиргендердин сап башында Эл мугалими Асан Заркунов, Асанкул Жумабаев, Жумамүдүн Жангазиев, Шайыр, Шаршекан, Калича ж.б. көп сандаган эң мыкты агай-эжейлерибиз менен сыймыктанып келебиз. Бул инсандардын эл арасында абройлору бийик, билим деңгээлдери жогору, тажрыйбалары мол болгондуктан, окуучуларыбыз республикалык, облустук, райондук олимпиадаларда ар дайым алдыңкы орундарды багындырып турушкан. Азыркы учур илим-техника өнүгүп, санариптештирүү заманы келди жана заманга шайкеш келген жаңы жагдайларга карата, жаш мугалимдер да аракеттенип жакшы иштеп жатышат. Окуу куралдары да жетиштүү болуп, жаңы китептер байма-бай басылып чыгып, мектептин базасы кеңейүүдө. Биздин мектеп эки корпустан турат жана район боюнча окуучулардын саны боюнча эң көп мектептердин катарына кирет жана мында миңден ашык бала билим алып жатышат. Биринчи корпусу 1957-жылы, экинчиси 1968-жылы бүтүп, пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, жаңы мектеп куруунун аракетин кылышып, иш кыймылдап баштады.
– Кыргыз-тилинин маанисин терең түшүнгөн адис мугалим катары кандай ойлойсуз, элдин адабий маданий деңгээлин өнүктүрүү үчүн эмнелер талап кылынат?
– Байдылда акындын бир ыр сабында “Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт” деп таамай айткандай, эне тилибизди сактабасак, улуттун уңгусуна залакасы тийип калат. Кыргыз элинин басып өткөн тарыхын чагылдырган адабий чыгармаларды, тил илимин окуучуларга жеткиликтүү кылып, заманбап ыкмалар менен окутуп кыргыз-тилинин кадыр-баркын көтөрүшүбүз абзел. Ошондо гана улуттун ар-намысы ордуна келет. Эгемендик майрамыбыз менен ага удаалаш Билим күнү да утурлай келди. Кыргыз элибизде, жерибизде тынчтык байырлап, жаркын жашоо, кең келечек үчүн аракеттенип иштеп, урпактарыбыз билимдүү, илимдүү болуш үчүн, замандын талабына ылайык, жаңы жетишкендиктерди, ийгиликтерди жаратып, сапаттуу билимге эгедер болушун каалайм. Жалпы кесиптеш мугалимдерге чың ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалоо менен күн сайын билимдерин жаңыртып, талыкпастан өз алдынча окуп аракеттенишип, ийгиликтерди жарата беришине тилектешмин! Ал эми ар бир ата-эне балдарына адепти, илимди, мээнеткечтикти үйрөтүп, топук менен жашаса турмушунан жаңылып аксабайт.
«Адамды бир гана эрк, билим, мол тажрыйба, ак эмгек гана бийиктетет» дегендей, караңгы туңгуюктан жол издеп, жарыкка, билимге умтулган адам акыры алтын аяктан суу ичет деген накыл кеп бар. Сатыбалды аганын кыял чабыты бийик, ой өрүшү кенен, мугалимдик кесипте болобу же жооптуу жетекчилик кызматты аркалайбы анын уюштуруучулук жөндөмү менен ар дайым бааланып алдыга озуп чыкты. Өтөлгөлүү өмүр жолунда, сыймыгынан да жоопкерчилиги артык мезгил сынынан, элдин элегинен өткөн жоопкерчиликтүү мугалимдик кесипте артынан жаман сөз илештирбей, эл алдында, өзүнүн абийиринин алдында агадил кызмат өтөдү. Кыргыздын улуу дөөлөтү, ыйык мурасы, нарк-насили, көөнөрбөс казынасы болгон кыргыз-тилин жаңы муун жаш урпактардын жан дүйнөсүнө сиңире окутуп, улуттук каада-салттын, маданияттын өнүгүшүнө зор салымын кошту десек болот. Улуу муундун өкүлү катары, өткөн мезгил менен азыркы учурдагы билим берүүнүн күңгөй-тескейи туурасында оюн ортого салды.
Соңку сөз
Эзелтеден элибиз балдарын туруктуулукка, көтөрүмдүүлүккө, намыскөйлүккө, ооздон чыккан сөзүнө жооп берүүгө үйрөтүп келген. «Эрдин даңкын эл билет» дегендей өмүр өтөлгөсү, мугалимдик тажрыйбасы, адамдык озуйпасы, берген билими бийик Сатыбалды Мамбеткулов аганын басып өткөн жолу бараандуу. Өмүрлүк жубайы Ырсалиева Дайырбүбү эже да кырк жылга чукул мектепте математикадан сабак берип, ардактуу мугалим болуу менен жаш муундарга татыктуу билим-тарбия берип, үзүрлүү эмгектенип келди. «Ынтымактуу үй-бүлөнү ырыс уялайт» дегендей, экөө үч уулун татыктуу тарбиялап, билимдүү кылып өстүрүшүп, тогуз неберенин чоң ата, чоң энелери болуп, бакубат өмүр сүрүшүүдө. «Билимдүүгө дүйнө жарык» деп айтылгандай кош жылдыздай болгон жубайлар билим берүүнүн сырларын терең өздөштүрүшүп, талыкпаган эмгектеринин натыйжасында зор ийгиликтерди жаратууга жетишти.
Кадыркул Бугубаев, журналист, Нарын району
Комментарийлер