БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫН КАЙРА КАРАП ЧЫГАТ
- 31.03.2021
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын (мындан ары – МБС) кайра карап чыгуу боюнча ишти улантууда. Курамына Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, директорлордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басарлары, предметтик мугалимдер кирген кеңейтилген жумушчу топ түзүлдү.
МБСны кайра карап чыгуу үчүн төмөнкү факторлор негиз болду:
— билим берүү системасына карата заманбап талаптар;
— билим берүү системасын өнүктүрүү программасында көрсөтүлгөн мамлекеттик жана социалдык буйрутма;
— эмгек рыногунун талаптары;
— Кыргыз Республикасынын аймагында ратификацияланган эл аралык документтерге дал келүү.
МСБ төмөнкүлөрдү:
— мектептик билим берүүнүн приоритеттүү багыттарын;
— мектептик билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин;
— негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн тизмегин жана алардын жетишкендиктеринин деңгээлин;
— билим берүүнүн жыйынтыктарын баалоонун негизги принциптерин (билим берүү системасы, мектеп, класс жана окуучу) аныктайт.
МБСны кайра карап чыгууда төмөнкүлөр эске алынат:
— жалпы теориялык көрсөтүмдүн деңгээли;
— окуу предметинин деңгээли;
— окуу материалынын деңгээли.
МБСнын алкагында предметтик стандарттар, тиешелүүлүгүнө жараша Базистик окуу планы жана окуу программалары кайра каралып, жаңыланат.
МБСны кайра карап чыгуу билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган. Атап айтканда:
— инсанды руханий-адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү;
— дене-бой жактан тарбиялоо;
— кесиптик жөндөмдөр жана ийкемдүү көндүмдөр;
— STEAM багытттары: табигый илимдер, технология, инженердик искусство, чыгармачылык, математика;
— көп тилдүү билим берүү;
— инклюзивдик билим берүү.
Жумушчу топ иштөөдө, даяр материалдар мугалимдик коомчулуктун кеңири талкуусуна чыгарылат.
КР БИМдин басма сөз кызматы
Комментарийлер