БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНА БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

  • 05.11.2020
  • 0

3-ноябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) жамааты менен жолугушту.

Министр Бейшеналиев Кыргыз билим берүү академиясын кайра уюштуруу, КРдагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин базалык окуу планын жана мамлекеттик стандартын иштеп чыгуу, билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу тез арада чечилиши керек болгон бир топ маселелерди академиянын кызматкерлери менен талкуулады. Министр мындай орчундуу маселелер мындан ары академияда чечилиши керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү министри Кыргыз билим берүү академиясына бир катар тапшырмаларды берди:

  • Көз карандысыз эксперттер жана КББА даярдаган концепцияларды эске алып, 1 айлык мөөнөттө бирдиктүү концепция иштеп чыгуу;
  • 2025-жылы өтө турган PISA сынагына даярдык көрүү багытында КББАнын тутумунда PISA борборун ачуу;
  • Билим берүү тармагына анализ жүргүзүүчү түзүмдү негиздөө;
  • Бир жума ичинде КББАны жаңылоо, реформалоо боюнча сунуштарды берүү.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер