Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Ош облусунда болду

  • 22.01.2024
  • 0

21-январда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусундагы иш сапарында шаардык, райондук билим берүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Ош облусунда болду

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ш. Козубаев жана райондун акимдери жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Жолугушуу учурунда министр билим берүүнүн сапатына көңүл бурууга жана ата-энелер менен иштешип, окуучуларга бир багытта билим жана тарбия берүүгө чакырды.

Жолугушуу маалында Билим берүү жана илим министрлиги жасап жаткан иштер айтылып, алдыдагы пландар белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер