БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН 2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

  • 06.08.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева башында турган министрликтин кызматкерлери өлкө билим берүү уюмдарын түрө кыдырып, алардын жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип келишти. Министр Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Ысык-Көл, Түп райондорундагы билим берүү уюмдарынын 2025-2026-окуу жылына даярдыгын көрдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН 2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Ысык-Көл

Министр иш сапарынын жүрүшүндө Кароол-Дөбө айылында курулуп жаткан Ж.Бейшекеев атындагы мектептин, ошондой эле Өрнөк айылында курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН 2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Андан ары ал Көркөм сүрөт жатак мектебинин, Өрнөк орто мектебинин жана Ананьева айылындагы №82 кесиптик лицейдин жаңы окуу жылына даярдыгын көрүп чыкты.

Чүй

Москва районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыктарын жеринен Агартуу министрлигинин өкүлдөрү көрүп чыгышты.

“Светлячок”  мектепке чейинки билим берүү уюму 1939-жылы курулган, типтүү эмес имарат. Учурда 5 тайпада 150 бала тарбияланууда. Комиссия тайпалардын, ашкананын, кампанын абалын карап чыгып, бала бакчанын аймагындагы кеңири бош аянтка жаңы заманбап бала бакча курууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилешти.

№1  Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектеби 1965-жылы курулган. Жаңы окуу жылында бул мектепте 1755 окуучу билим алат. Комиссия окуу кааналарын, компьютердик класстарды жана жүргүзүлгөн оңдоо-түзөө иштерин көрүп чыгышты.

№4  Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектеби— окуучулардын саны көп болгондуктан, Нарзан айыл өкмөтү убактылуу мурдагы  бир кабаттуу имаратын убактылуу пайдаланууга берген. Комиссия бул имаратты көрүп, 4 окуу кабинет уюштурууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилешти. Имарат негизги мектептен 5-10 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Спартак жалпы билим берүү орто мектеби дагы 12 жылдык билим берүүгө даяр экендиги аныкталды. Жаңы окуу жылында мектепте 440 окуучу билим алат. Мектеп айланасына брусчатка төшөлүп, биринчи кабаттагы коридорлор жана класстар жарык түстөгү кафель менен жабдылган. Төлөк айыл өкмөтү тарабынан 5 даана тигүүчү машина жана атайын үстөлдөр алынып, жогорку класстын окуучуларына тигүүчүлүккө үйрөтүү уюштурулууда. Ошондой эле, окуучулар слесардык ишке да тартыла баштайт. Келечекте парикмахер, ашпозчу жана механизатор адистиктери боюнча да окутуу башталат.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата билим берүү уюмдарынын даярдыгы, эксплуатацияга берилүүчү билим берүү уюмдарынын курулушу, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында 28-июлдан 9-августка чейин министрликтин кызматкерлери жана тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде комплекстүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер