БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 16.02.2025
  • 0

15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук усулдук борборлордун директорлору менен кеңешме өткөрдү. Анда өлкөнүн билим берүү тармагынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине байланышкан орчундуу маселелер талкууланды.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

Министр Д. Кендирбаева окуучулардын саламаттыгын жана өмүрүн сактоо, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында комплекстүү иш-чаралар планын тез арада иштеп чыгууну тапшырды.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

Кеңешменин жүрүшүндө мектептердеги рэкетчиликтин тамырын кыркуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында министрлик тарабынан жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу да маалымат берилди. Кеңешмеде маалымдалгандай, жакын арада билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун алдын алуу максатында санариптик платформа иштелип чыгат, ал окуучуга ыдык көрсөтүлгөн учурда, ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулган учурда купуялуулукту сактоо менен мектептин администрациясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга чукул кабар жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

Ошондой эле, кеңешмеде министрликтин маалыматтык саясат бөлүмүнө жана “Кут Билим” медиа борборуна уюштуруу жана тарбиялоо иштери боюнча сектор менен биргеликте билим берүү уюмдарындагы зордук-зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн маалыматтык өнөктүктү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер