БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ

  • 26.02.2025
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ

26-мартта Бишкекте  Билим беруу жана илим министрлиги Ага Хан фондунун колдоосу менен Билим беруу тармагына биргелешип сереп салуу боюнча жыйын өтүүдө. Анда улуттук билим берүү системасын жаңыртууга багыталган «Алтын Казык»  программасынын алгачкы жыйынтыктарын талдоого алынат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ

«Алтын Казык» программасы билим беруунун бардык деңгээлдерин камтып, анын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, санариптик технологияларды колдонууну, 12 жылдык орто билим берүүгө өтүүнү, ошондой эле окуу программаларын жана окуу китептерин дүйнөлүк билим беруу стандарттарына ылайык жаңылоону көздөйт. Андан тышкары, билим алуга тең мүмкүнчүлүк түзүүгө, айрыкча алыскы айыл-жергесинде жашаган балдар үчүн шарттарды жакшыртууга, ошондой эле мугалимдерди даярдоого жана инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын алкагында катышуучулар «Алтын Казык» программасынын алкагында жетишкен жыйынтыктарын талкуулап, Кыргызстанда билим берүүнүн мындан аркы өнүгүүсүндөгү кийинки кадамдарды пландаштырат. Бул талкуулар мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, жарандык коом жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кызматташтыгын тереңдетүү үчүн негизги багыттарды аныктоого жардам берет деп күтүлүүдө.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө бардык кызыкдар тараптардын программаны туруктуу өнүктүрүүгө жана анын узак мөөнөттүү жыйынтыктарын камсыздоого кошкон салымы каралат. Бул билим берүү реформаларын ийгиликтүү ишке ашыруу жана глобалдык эмгек рыногунун талаптарына жооп берген келечек муундары даярдоо үчүн өзгөчө маанилуу.

Талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелери катышат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер