БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИН ИШКЕ АШЫРУУГА АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 10.02.2025
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИН ИШКЕ АШЫРУУГА АРНАЛГАН СЕМИНАР

Мектептик билимдин улуттук моделине өтүүдөгү актуалдуу маселелерди,  өзгөрүүлөрдү коомчулук жана аталган тармакта иштеген ар бир адис бирдей түшүнүп колдоп, ишке ашырып кетүү үчүн маалыматтык компания жүргүзүү зарылдыгы турат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнү трансформациялоо, башкача айтканда, мектептик билим берүүнүн улуттук моделин этап-этабы менен ишке ашыруу процессин маалыматтык коштоо маселелерине арналган семинар өткөрдү.

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө билим берүүнүн улуттук моделин камтыган бир катар стратегиялык документтер талкууланып, конструктивдүү сунуштар берилди. Ошондой эле  катышуучулар өлкөнүн билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар жөнүндө жалпы кыргызстандыктардын маалымдуулугун жогорулатуу чараларын да кеңири талкуулашты.

Семинардын алкагында катышуучуларга Кыргызстандын билим берүүсүн  трансформациялоонун алкагында иштелип чыккан жаңы санариптик платформалар тааныштырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер