БАКТЫГҮЛ ШАМШИДИНОВА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 18.10.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 7-октябрындагы № 513 тескемесине ылайык Шамшидинова Бактыгүл Сабыржановна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.

БАКТЫГҮЛ ШАМШИДИНОВА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

«Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору» мекемесинин аталышы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү.

Ошондой эле, аталган токтом менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби бекитилди.

Шилтемелер:
Токтом — https://cbd.minjust.gov.kg/7-32397/edition/16676/kg
Жобо — https://cbd.minjust.gov.kg/230014053/edition/16677/kg
Тартип — https://cbd.minjust.gov.kg/230014054/edition/16678/kg

Бөлүшүү

Комментарийлер