БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАНТКЕНДЕ ЖАКШЫРТА АЛАБЫЗ?

  • 03.02.2023
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАНТКЕНДЕ ЖАКШЫРТА АЛАБЫЗ?

Өткөн жума Жогорку Кеңештин жыйынында  билим берүүнүн сапаты тууралуу ачык сөз болуп, бир топ сын-пикирлер айтылды.

Калыстык үчүн айтып коёюн, билим берүүнүн сапаты тууралуу ачык жана ачуу сөздөр бүгүн эле айтылып жаткан жок. Педагогиканын тарыхына кайрылсак, Ян Амос Коменский, Адольф Дистервег,  Иоганн Генрих Песталоцци,  Константин Дмитриевич Ушинский өңдүү улуу педагогдордун баары кайсыл доордо жашаганына карабай, өз эмгектеринде «биздин мектеп коомдук өнүгүүнүн артында калды!» деп аны жакшыртуунун жолдорун издеп  келишкени белгилүү. Арасында мектепти коомдук өнүгүүнүн алдына коюп карагандар да болгон.  «Утопия» аралындагы адилет жашоону  сүрөттөгөн англиялык Томас Мор,  «Бакыт үйүн» негиздеген италиялык гуманист Витторино де Фельтре, «Күн шаарын» кыялданган Томмазо Кампанела  адамдын жашоосун, анын ичинде билим берүүнү коомдук өнүгүүдөн алдыга койгон ойчулдар болушкан.  Бирок ошондогу коомдук аң-сезим бул жаңылыкка даяр болбогон үчүн алар тарыхта улуу утописттер же бизче айтканда, улуу кыялкечтер катары ысымдары түбөлүккө сакталып калды.

Айтайын дегеним, биз да ошондой куру кыялкечтерден болбой, маселени азыркы реалдуулукка салыштырып, ага калыс баа бергенге үйрөнсөк дурус болчудай.

PISA баш болгон эл аралык жана улуттук иликтөөлөрдүн жыйынтыгы өлкөбүздөгү билим берүүнүн сапатынын заман талабынан эң эле артта калганын бизге  даана көрсөттү.

— Эгерде эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы болбогондо, «Бизде билим берүү маселеси ойдогудай, көптөгөн долбоорлор иштеп жатат» деп талашып, моюн бермек эмеспиз. Бирок PISA 15 жаштагы окуучуларды эл аралык баалоо программасы, EGRA (кенже курактагы окуучулардын окуу көндүмдөрүн баалоо), SAM (мектеп жетишкендиктерине мониторинг жасоо), өзүбүздөгү «Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо» изилдөө жыйынтыктары Кыргызстанда окуучулардын окуудагы жетишкендиктери абдан төмөн экендигин, билим берүү системасы жакшыруу жолуна түшө албай жаткандыгын сандар, фактылар менен көзгө сайып тастыктап берди, — дейт, бул тууралуу республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу жана педагогикалык кадрларды кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов.

Бул жерде «Эмне үчүн биз жогорудагы иликтөөлөрдүн жыйынтыктарына чейин мектептеги билим берүүнүн сапатына адилет жана калыс баа бере албай келдик?» деген суроо туулат. Анткени бизде көпкө чейин билим берүүнүн сапатын аныктоодо кимди жана кантип баалоо керек экени түшүнүксүз болчу. Союз мезгилиндей эле, инерция менен иштеп, билим сапатын мектептеги «отличник» жана «ударник» окуучулардын саны менен өлчөп келдик. Ал эми PISA  иликтөөлөрү болсо, баарынан мурун окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.  PISA иликтөөсү ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет, билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин эффективдүүлүгүн баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

Кыргызстан 2006-жылы PISA жыйынтыктары жарыяланары менен, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү, ошондой эле мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу жаатында  бир катар чечкиндүү кадамдарга барганы көпчүлүккө маалым. Мында, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү жана донордук уюмдардын каржылык колдоосу бири-бирине шайкеш колдонулганы эсибизде. Биринчи жолу максаттуу түрдө окуу китептерин чыгарууга бюджеттен 100 млн сом бөлүнүп, мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлгөн. Ошондой эле мектептерди компьютерлештирүүгө 90 млн сом, мектептердин жылдагы оңдоп-түзөөсүнө 90 млн сом, окуу эмеректерин сатып алууга 20 млн сом, 1-4-класстын окуучуларын тамактандырууга 379 млн сом бөлүнгөн. Дүйнөлүк Банктын, Азия Өнүгүү Банкынын, Каталитикалык фонддун, Жакырчылыкты кыскартуу боюнча жапон фондунун жардам каражаттары билим берүүнүн мазмунун реформалоого, билим берүүнү башкаруу жана каржылоо системасын жакшыртууга, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасын модернизациялоого, мектептердин компьютердик, лабораториялык базасын чыңдоого, билим берүү объекттерин курууга, оңдоого жана башка көптөгөн иштерге жумшалган.

Бул иштердин туура нукта экенин PISAнын кийинки 2009-жылкы иликтөөлөрү айдан-ачык көрсөттү: үч жылдын ичинде окуу боюнча жыйынтыктар 5%га, математикадан 3%га, табигый илимдер боюнча жыйынтыктар дээрлик 5%га өскөн.

Ошого карабастан PISA -2009да Кыргызстан кайрадан 65 өлкөнүн ичинен эң арткы орунда калганы маалым.  Россия ошондо 43-орунга, Казакстан 59-орунга, Азербайджан 64-орунга чыккан болчу.

Буга байланыштуу билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова бир катар эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөн «PISA—2025» иликтөөсүнө даярдык көрүү боюнча жыйында «Биздин мурунку эки жолку тажрыйбабызды эстегенибизде баарыбыз капа болобуз. Анткени ошондо 15 жаштагы өспүрүм окуучуларыбыздын 80%ы коомдо жашоого зарыл билим, көндүмдөргө ээ болушканын тастыктай алышпады. Анткен менен программага катышуунун өзү биз үчүн пайдалуу болду деп ойлойм», — деди.

2009-жылдагы PISA  иликтөөлөрүнөн кийин Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму эл аралык изилдөөгө катышкан мамлекеттердин жыйынтыгын талдап келип, билим берүүнүн сапатына биринчи иретте ички дүң продуктунун (ИДП) жан башына туура келген көлөмү, бир окуучуга жумшалган каражаттын көлөмү, мугалимдердин тартыштыгы, окуу куралдарынын жетишсиздиги жана инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү таасир берерин иликтеп, аталган параметрлер боюнча дагы Кыргызстан изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн арасынан эң артта турарын ачыктады.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАНТКЕНДЕ ЖАКШЫРТА АЛАБЫЗ?

Бул изилдөөлөр мугалимдин эмгек акысына, кесиптик даярдыгына инвестиция жумшаган мамлекеттер гана билим берүүнүн жогорку сапатына жетише аларын көрсөттү.

Ошондуктан Кыргызстандын Президент Садыр Жапаров баштаган өкмөтү билим берүүдө мурдатан  жетишилген позицияларды сактап калуу менен мектептердин материалдык-окуу базасын чыңдоого жана педагогикалык адистердин кесиптик даярдыгын жакшыртууга чоң көңүл буруп жатат. Өткөн жылы апрель айынан баштап мугалимдердин айлык акысы дээрлик эки-үч эсеге өстү,  мектептерди жаңы лидерлер менен камсыз кылуу максатында мектеп директорлору конкурстук негизде тандалып алынды жана бул иш мектепте беш жыл иштеген директорлор үчүн тынымсыз жүрүп турары айтылууда, окуу жүктөмүн азайтуу, мектептеги предметтердин санын кыскартуу багытындагы иштер башталды.

— Предметтердин санын кыскартуу тууралуу айтып жатышат. Кыскартуу жакшы эле идея! Бирок бул иштин жарымы гана! Калган жарымы «Кыскарган предметти кантип колдонобуз», «Кантип үнөмдүү пайдаланабыз» деген суроолорго жооп берүүдө турат. Сабактарды интерактивдүү өтүп жатабызбы, окуучулар алган билимин турмушта колдоно алабы, мугалимдер ошону окута алабы, бул башка маселе. Азыркы педагогикалык окуу жайларыбыз такыр өзгөрө элек. Окуу мазмуну, окуу  программасынын мазмуну совет доорунан бери өзгөрүүсүз калып келүүдө. Ушуну өзгөртүү керек. Мугалимдерди даярдоо боюнча дүйнөлүк педагогика алдыга кетти. Азыркы жаңы бүтүп жаткан болочок  мугалимдер дүйнөлүк педагогикалык адабияттан артта калууда, — деген пикирин билдирди Астанадан Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн  Шаматов.

Ал эми Алмаз Токтомаметов билим берүүнүн сапатын жакшыртууну билим берүүнү реформалоого системалуу мамиле жасоодон баштоону сунуштайт.

— Тиешелүү бир жылды так белгилеп (мисалы, 2040-жыл), мамлекеттин жалпыланган эмес, так, конкреттүү жазылган билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын даярдап, аны педагогикалык коомчулук менен кеңири талкуулап, билим берүү жаатындагы бардык мамлекеттик, мамлекеттик эмес, эл аралык уюмдардын ошол стратегиянын алкагында кызматташуусун колго алуу зарыл, — деди Алмаз Даткабекович.

Андан ары ал үзгүлтүксүз билим алуу системасынын негиздерин так иштеп чыгып, аны расмий түрдө механизмдери менен киргизүүнү; жасалып жаткан иштин омоктуулугун, ырааттуулугун, системалуулугун ойлоп, предметтик стандарттарды бөлөк-бөлөк (1-4, 5-9, 10-11-кл.) эмес, линейка түрүндө (1-11-кл.) түзүүнү;  долбоорлор алкагында мугалимдер үчүн окуулар өткөрүлгөндө, аларды сөзсүз түрдө мугалимдерди даярдаган окуу жайлардын жана мугалимдердин адистигин өркүндөтүү түзүмдөрүнүн программаларына киргизүүнү зарыл деп эсептейт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер