БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 7 КЫЗМАТКЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
- 28.12.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
| Абдиева Сайра Жолдошбековна | – | Нарын облусунун Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектебинин математика мугалими;
|
| Акылбеков Субанкул | – | Баткен облусунун Баткен районунун С. Кожобаев атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин физика мугалими;
|
| Аламанова Салкын Бектемировна | – | Чүй облусунун Сокулук районунун Орок жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
|
| Даутов Ялкун Умержанович | – | К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин административдик-укуктук жана экономикалык иштер боюнча проректору;
|
| Карыбаева Асель Сакешевна | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун доценти;
|
| Мамытова Нуржамал Джаныбековна | – | Бишкек шаарынын Свердлов районунун балдар чыгармачылык борборунун окутуучусу;
|
| Садыкбек кызы Жайнагул | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору; |
Бөлүшүү
Комментарийлер