БИЛИМ БЕРҮҮ — ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

  • 16.04.2018
  • 0

Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчиси Режеп Суланын биздин өлкөгө келгенине үч жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта ал эки мамлекеттин келишиминин негизинде ачылган кыргыз-түрк Анадолу лицейине жана кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейине, ошондой эле Кыргызстандагы Түркия Элчилигине караштуу билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдап, окуу жайларды ремонттоо менен алектенип, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп келатат. Кыргызстандагы Түркия Элчилигине караштуу башталгыч мектепте быйылтан баштап бир класска кыргыз тили менен кыргыз тарыхы окутула башталды.

БИЛИМ БЕРҮҮ - ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Жал кичи районунда жайгашкан кыргыз-түрк Анадолу лицейи, элчиликке караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси, башталгыч, орто мектеби жана диний багытта билим берген Имам Хатиб класстары, ошондой эле кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейлерин кыдырып, мүдүрлөрү менен сүйлөшүп, окуучулар менен жолугуштук.

БИЛИМ БЕРҮҮ - ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

БИЛИМ БЕРҮҮ - ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Элчиликке караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 5-6 жашка чейинки 40 бала түрк тилинде билим алат. Биз барган учурда түрк жарандыгы бар кыргыз, өзбек, орус улутундагы 18 бала мектепке даярдалып жатыптыр. Алар эртең мененки саат 9.00 – 14.00 чейин окушат. Мугалимдин жардамчысы катары Манас университетинин бүтүрүүчүлөрү иштешет. Башталгыч мектепте, орто мектепте болуп жалпысынан 620 балага  32 мугалим сабак берет. Анын ичинен эки гана мугалим кыргызстандык. Калгандары Түркиядан сынактан өтүп келгендер. Эң жакшысы мугалими да, мүдүрү да беш жылда бир жолу алмаштырылып турат.

Элчиликке караштуу Түрк башталгыч мектебине  түрк жарандыгы барлар гана кабыл алынат. Же болбосо буга чейин кыргызстандык түрктөр да кабыл алынып келген. Ошондой класстан бирөө калыптыр. Ал класска быйылтан баштап кыргыз тили жана кыргыз тарыхы окутала башталды.

БИЛИМ БЕРҮҮ - ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

— Бир класстын жарымында кыргызстандык түрктөр, аларга сабак кыргыз тилинде өтөт, ал эми жарымы түрк жарандары, аларга сабак орус тилинде өтөт. Кыргыз тили жана кыргыз тарыхы ушул жылы киргизиле башталды. Бир жумада эки саат бөлүнгөн. Кыргыз билим берүү программасынан айырма бар. Маселен, түрк программасында сааттарга басым жасалат. Алсак,  6 саат математика, 6 саат англис тили ж.б.у.с. Өзүнчө дин сабагы кирет. Баалоо системасы буларда балл менен берилет. Баллды эсептеп чыккан система бар, карне деп коет. Чейрек деген түшүнүк жок.  Бир семестр бүткөндө эки жума эс алышат, анан экинчи семестр башталат, — дейт кыргыз тилчи мугалим Айзат Баянова.

Мектептин мүдүрү Өмер Айдындын айтымында, дин сабактары көбүрөөк болгон Имам Хатиб деген класс бар экен.  5-класстан 8-класска чейин Куран Карим, пайгамбардын жашоосу деген сабактар окутулат. Ошондой эле стандарттагы сабактар менен катар  араб тилиндеги сабактар кирет.

— Биздин мектеп 1999-жылы ачылган, бул имаратка 2015-жылы көчүп келдик. Башкы максатыбыз – Кыргызстанга келген бизнесмендердин болобу, мугалимдердин болобу алардын балдарына түрк системасы боюнча билим берүү. Бизге жакканы кыргыз окуучулар айтканды бат кабыл алышат. Таланттуу балдар көп. Кыргыз окуучулар экзаменден бат өтүп кетишет. Лицензиябыз жок болгондуктан олимпиадаларга катыша албайбыз, кыйынчылыктар бар. Бирок планыбызда Бишкек шаарындагы мектептер менен спорт боюнча мелдеш уюштурууну пландап жатабыз, — дейт мүдүр.

Жакынкы арада Түркияда өтчү эл аралык спорт мелдешине бул мектептен 16 бала барып катышат экен.  3-классынын окуучусу Азис Алмазовдун айтуусунда, Измир шаарындагы Алтын Ордо уюму уюштуруп жатыптыр. Балдардын жол киресин мектеп төлөсө, жатакана, тамак-ашын чакырган тарап төлөйт экен. Мелдешке 56 команда катышат.

Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи

Бул мектеп 1992-жылы эки мамлекеттин ортосунда  түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган. Учурда 126 окуучу билим алып жатат.  Жалпысынан 656 окуучу бүтүргөн. Лицейди аяктаганда кыргыз тараптан аттестат берилсе, түрк тараптан өзүнүн системасына ылайыктуу диплом берилет. Кыргыз тил, адабият, тарых, география, кыргыз таануу,  адам жана коом,  орус тили сабактары кыргыз стандарттары менен, химия, биология, физика, математика предметтери түрк стандарты менен окутулат.

— Бирок окутуу кыргыз стандартынан алынып, түрк системасына ылайыкташылат. Даярдоо класстары түрк жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Бир жыл даярдоо классында англис, түрк тилинде окутулат. Биздики эки өлкөнүн программасы менен окугандыктан татаалыраак. Окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде окутулат. Класста 20дан аз бала отурат. Эң көп болгондо 25тен ашпайт. Аккредитациядан жаңы өттүк. Эң жогорку 170 балл алдык. 8-класстан кийин  экзаменден өткөн 50 бала гана кабыл алынат. Бир орунга 8-9 бала туура келет. Былтыр бир кишиге 7 бала болду. Май айында экзамен башталат. Биздин лицейде окугусу келгендер 8-класста окуйт деген справка, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, эки сүрөт тапшырышы керек. Экзамен май айында болот.

Бардык окуу китептери менен камсыз болгонбуз. Түрк мугалимдеринин айлык акыларын Түрк тарабы, биздин мугалимдердин айлык акысын Кыргыз тарабы төлөп берет. Анадолунун бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ЖРТга даярданып жатышат, — дейт лицейдин окуу бөлүмүнүн башчысы Рахима Мусаева.

Лицейдин бүтүрүүчүлөрү менен сүйлөшкөндө алар республиканын бардык аймактарынан келишкенин бидиришти. Алардын айтымында, түрк лицейи биздин мектептерден сааттар менен сапат жагынан айырмаланат.

ТОМЕР түрк тилин үйрөтүү борбору

Бул борбор Кыргызстанда иштей баштаганына 21 жыл болуптур. Ош, Талас, Жалал-Абадда да ачылган экен. Төрт айлык түрк тили курсу акысыз окутулуп, болгону тил үйрөнүү үчүн даярдалган окуу китептери жана сөздүк сатып алынат. Бир эле тил үйрөнүү эмес, маданият таануу дагы кирет экен. Ишемби жана жекшемби күндөрү кыргыз жана түрк бийлери үйрөтүлөт. Борборго кабыл алуу эки жолу гана болот. Биринчиси — августта кабыл ала башташат, сабак сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларына чейин жүргүзүлөт. Анан январь айында кабыл алуу башталып, сабак февраль, март, апрель, май айларына чейин өткөрүлөт. Борбор жалпысынан ЖОЖдордо тил үйрөнүү курстарын уюштуруп, андан сырткары түрк тилин үйрөнүүнү каалаган жарандарыбызды да окутат экен.

Кыргыз-түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи

Бул лицей эки багытта: тигүү жана компьютер боюнча окутушат. Лицейдин директорунун баш жардамчысы Гулиза Токтоноеванын айтымында, кыздар төрт жыл бекер окушат.

—  1992-жылы эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Бул окуу жайга жылына 50 окуучу кабыл алынат. Негизги максаты – кесиптик билим жана тарбия берүү. Тигүү жана компьютер боюнча 193 окуучу билим алууда. Анын 96 окуучусу жатаканада жайгашкан. Жатаканада жашагандар үчүн үч маал тамак бекер берилет. Түшкү тамагы мугалимдер, окуучулар үчүн дагы бекер. Бирдиктүү форма кийишет, ал дагы бекер берилет. Окуу китептер менен толук камсыз болот. Жакшы окуган окуучуларга 300 сомдон, ударниктерге 200 сомдон кыргыз тараптан стипендия каралган. Учурда  135 окуучу стипендия алышат. Биринчи жылы англис жана түрк тилин үйрөнүшөт. Так илимдер жана кесиптик предметтер түрк тилинде жүргүзүлөт. Былтыр 5 кызыл аттестат алышса, быйыл дагы 5 кызыл аттестатка окуучуларыбыз  көрсөтүлүп жатат. Лицейде төрт жыл окушат. Азыркы учурда кабыл алуу үчүн профориентация жүрүп  жатат. Биздин окуу жайга окуйм деген кыздарга эшигибиз ачык. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, 3х4 көлөмүндөгү эки сүрөт жана 8-класста окуп жаткандыгы тууралуу справканы тапшырышат. 27-майда экзамен тапшырышат.  6-7-8-класстын программасы боюнча өздөрү окуган предметтеринен 100 суроо, т.а. математикадан 30 суроо берилет, калган сабактардан 10 суроодон берилет. Былтыр 600 окуучу тапшырган, анын ичинен 50 окуучу гана кабыл алынды. Окуучунун билимине жараша, тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынат. Кыздарыбыз абдан күчтүү. 2017-жылдын жыйынтыгы менен 6 окуучубуз И.Ахунбаев атындагы КММА бюджеттик бөлүмдө окуп жатышат Эки кызыбыз Малазияда, 1 кызыбыз Польшада, 2 кызыбыз Москвада,  5 кыз Түркияда жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө окушууда.  Төрт кызыбыз кесиптерин жогорулатып окуп жатышат, — дейт Гулзина айым.

Бул лицейде 23 мугалим эмгектенет. Режеп Суланын демилгеси менен  лицейдин имараты, класстар, лабораториялар, жатакана бардыгынын материалдык-техникалык базасы жаңыланган. Т.а. лабораториядагы тигүү машиналары жаңыртылып, ар бир класска интерактивдүү такталар, компьютерлер менен коюлган.  Жатаканадагы жылытуу системасы ремонттолуп, жаңы керебет, төшөнчүлөр  менен камсыз болгон. Замандын талабына ылайык кир жууган автомат машиналар коюлуп, кыздардын жуунчу жайлары дагы ремонттолгон.

— Жакында кыргыз бөлмөсү ачылды. Кыргыз оймолору салынган төшөктөр салынып, ал жерде кыздар эс алып, кыргыз буюмдарын жасай алышат. Жылына тигүү бөлүмүндөгү кыздар окуу жылдын аягында экзаменге өздөрүнүн ойлоп чыккан көйнөктөрүн тигип, көрсөтүшөт. Былтыр кыргыз кийимдерин чыгарышкан, — дейт мүдүрдүн баш жардамчысы.

Режеп Сула, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчиси:

— Түркия технологиялык жактан өнүгүү жолунда, жакынкы арада интерактивдүү системага өттүк. Анткени ар бир окуучу планшет компьютер (Tablet computer)  менен окушат, ал китептин ордуна сабакта пайдаланылат.

Мен Кыргызстанга келгенде эле  бизге караштуу алты мектепти көзөмөлгө алып, ошолорду бардык жагынан өнүктүргөнгө аракет кылдым. Сыртынан да, ичин да оңдодум. Кээ бирин ремонттон  өткөрдүм.  Элчиликтин карамагындагы мектептер: Жал микрорайонундагы башталгыч мектеп, орто мектеп, Имам Хатиб  дин багыты боюнча окуткан мектеп, ТОМЕР түрк тилин үйрөтүү борбору, ошондой эле  эки өлкөгө караган Анадолу лицейи жана кыздардын кесиптик лицейи.

Түрк мамлекетинен бөлүнгөн каражатка жогоруда айтып кеткен бардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары чыңдалат. Кыздардын кесиптик лицейи менен Жалдагы Анадолу лицейи эки мамлекеттин келишиминин негизинде ачылган окуу жайлар. Анадолуда көбүнчө кыргыз улутундагылар окушат. Бардык мектептерди интерактивдүү такталарга өткөрдүм, буга чейин ал жок болчу.  Лабораториялык кабинеттерди оңдоп чыктым. Кесиптик лицейге жаңы тигүүчү машинкаларды алдык, класстардын баарын жаңылаттым. Мектептерге футбол ойноочу кенен спорт аянттарын салдым. Окуу жайдын сыртындагы бакчалар жашылдандып, бактар жакшы өсүп туруш үчүн атайын суу системасын киргиздим.  Кесиптик лицейдин жатаканасын оңдоп-түздөп, жаңы эмеректер менен камсыз кылдым.  Кесиптик лицей тикмечилик жана компьютердик багытта окутулат, ошондуктан компьютерлерин, машинкаларын,  окуучулардын  отурган парталарынан бери жаңылатып чыктым. Китепканаларын кеңейттик, жаңы китептерди алып келдик. Көбүнчө түрк тилиндеги китептер.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун базасында бекер түрк тилин үйрөтүү курсун жакында ачтык. Анткени бул борбордун балдары көбүнчө Түркияга ар кандай фестивалдарга, сынактарга чыгышат. Мага жакканы Кыргызстандагы балдардын кошумча билим алуусу, маданиятка, спортко жакын болуусу, кыргыз балдарынын алган билими кененирээк. Анан дагы алар абдан таланттуу, бардык нерсени бат кабыл алышат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер