“БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

  • 11.12.2024
  • 0

Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулган “Билим азык”  окуу-усулдук билим кербени ишин жыйынтыктады.

“БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

Үстүбүздөгү жылы билим берүү тармагын реформалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүүнү трансформациялоонун “Алтын казык” программасы иштелип чыгып, ал Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровго сунушталып, андан соң 2024-жылдын март айында Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясында каралып бекитилгени коомчулукка жакшы маалым.

“БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

— Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 19-августта Ысык-Көлдөгү билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин ачылышында: “Биздин бүгүнкү билим саммит “Жаңырталы! Ылдамдайлы! Өнүгөлү!” девизи алдында өтүүдө. Биз мазмунду жаңыртып, мамилени өнүктүрүп, ылдамдашыбыз керек. Дүйнөдө билим берүү системасы күн сайын жаңырып, жаңы тенденцияларга жол ачылып, эмгек рыногуна суроо-талап өзгөрүүдө”, — деп айтты. Демек, күтүүгө убакыт жок. Ошондуктан Ош билим берүү институту да өкмөтүбүздүн, министрликтин билим берүүнү трансформациялоо программасын иш жүзүнө ашырууда көз караштарды, пикирлерибизди бир багытка буруу максатында, окуу иштерин уюштуруу боюнча директордун орун басарынын жылдык иш планына “Билим азык” окуу-усулдук кербенин уюштурууну киргизгенбиз, — дейт директордун орун басары А.Бабакулова.

“БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

“Билим азык” окуу-усулдук кербенинин максаты —  мамлекетибиздин, Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүп жаткан саясатын колдоо, “Алтын казык” программасынын артыкчылыктарын, мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү, ошондой эле     программаны ишке ашырууну тездетүүгө салым кошуу.

“БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ“Билим азык” окуу-усулдук кербенинде ОшБИнин окуу  иштери боюнча директордун орун басары А.Бабакулова “21-кылымдын көндүмөрү” (жумшак жана катуу көндүмдөр), институттун кафедра башчысы  С.Аматов “Алтын казык” программасы жана анын талаптары”, кыргыз тили кабинетинин башчысы Ч.Раимбекова “PISA изилдөөлөрүнө даярдык, функционалдык сабаттуулук”, информатика кабинетинин башчысы Т.Бекташтегин “Билим берүү жараянын уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу”, тарых кабинетинин башчысы Э.Ураимова “КРдагы билим берүүнүн укуктук-ченемдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөр”, жетекчи адистер кабинетинин башчысы Г.Отомбаева “Жашыл көндүмдөр”, математика кабинетинин башчысы Г.Токтобаева “Сабактарда STEM программасын колдонуу”, усулчу А.Кеңеш кызы “Сабак өтүүнүн заманбап усулдары” деген темаларда лекцияларды окушту. “БИЛИМ АЗЫК”: “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

— Бардык эле райондорго жогорудагы команда толук бара албады. Себеби министрлик, институттун директору тарабынан кээ бир лекторлорубуз башка иш-чараларга катышууга туура келген учурлар болду. Ошондо да төрттөн кем эмес лекторлор бир күндө эки группага лекцияларды өтүп жатышты. Натыйжада, Кара-Кулжа районунан 400, Өзгөн шаарынан 162, Өзгөн районунан 150, Алай районунан 382, Чоң-Алай районунан 324, Араван районунан 260, Ноокат районунан 350, Кара-Суу районунан 288 мугалим, жалпысынан 2316 директор, окуу бөлүмүнүн башчылары, чыгармачыл жана жаш мугалимдер жаңы маалыматтарга ээ болуп кетишти. Албетте, бир жолу өткөрүлгөн билим кербени билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечип койду дегенден алыспыз. Ошентсе да өтүлгөн материалдарды иш-чарага катышкан мугалимдер өз мектептериндеги мугалимдерге, ал мугалимдер керектүүсүн ата-энелерге, окуучуларга жеткирүү менен билим берүүнү трансформациялоонун “Алтын казык” программасын турмушка ашырууну тездетүүгө жана 12 жылдык билим берүү боюнча болуп жаткан түрдүү көз караштардагы ата-энелердин түйшөлтүп жаткан суроолоруна жооп алуусуна өз салымыбызды кошо алдык деп ойлойбуз, — деди орун басар.

“Билим азык” кербенин жогоруда айтылгандай, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, чыгармачыл жана жаш мугалимдер жакшы маанай менен күтүп алышты. Кайтарым байланыштарда берилген маалыматтардын пайдалуу болгондугун, аны өз практикаларында колдоно тургандыктарын айтышты. Ошондой эле ушул сыяктуу окуу-усулдук жардамдарды тез-тез уюштуруп турууну суранышканын уюштуруучулар билдиришти. Буюрса, “Билим азык” окуу-усулдук кербенинин сапары мындан ары да улана бермекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер