БЕШ ЖОЖДО ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ ТҮЗҮЛӨТ
- 22.01.2025
- 0
Борборду ишке ашыруу үчүн «Сапат жана инновация» долбооруна старт берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жогорку окуу жайлардын ректорлору жана өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.
«Сапат жана инновация» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-изилдөө борборлору түзүлөт.
– Акыркы үч жылдан бери айтылып келе жаткан долбоорду расмий түрдө баштадык. Бул долбоор көп адамдардын эмгеги менен ишке ашууда. Эми биргеликте «Башкысы – жыйынтык» деген девиз менен жигердүү иш алып барышыбыз керек, – деди.
Максаты – жогорку кесиптик билим берүүдөгү илимий-изилдөө иштеринин жана программаларынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгек рыногуна ылайык келишин камсыз кылуу.
Расул Абазбек уулу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү багытын өнүктүрүүгө арналган Азия өнүктүрүү банкынын “Инклюзивдүү көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору абдан ийгиликтүү жыйынтык бергенин кошумчалады.
Комментарийлер