БЕШ ОКУУЧУ БРАТИСЛАВАГА БАРАТ

  • 02.06.2023
  • 0

БЕШ ОКУУЧУ БРАТИСЛАВАГА БАРАТ

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында экономикалык сабаттуулук боюнча эл аралык олимпиаданын республикалык деңгээлдеги экинчи этабы аяктады.

Олимпиаданын жыйынтыктоо жана сыйлоо аземинде билим берүү жана илим министри   К.Иманалиев, жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, жогорку класстар арасында финансылык жана экономикалык сабаттулук боюнча олимпиада биринчи жолу өтүп жаткандыгын, балдарыбыз мамлекеттин бюджетин өнүктүрүүнү жана Европанын өлкөлөрүндөгү окуучулардай болуп бизнес проектилерди түзгөндү, экономикалык идеяларды алып чыгууну мектептен баштап үйрөнүшү керек экенин баса белгиледи.

К.Иманалиев: “Силердин араңарда азыр келечектеги премьер-министр,  мыкты менеджер, бизнесмен отурушу мүмкүн – ал силерден гана көз каранды. Биздин газыбыз, нефтибиз жок, бирок, биздин терең ойлонулган, так экономикалык саясатыбыз болушу керек!” — деп, Братислава шаарында өтө турган Эл аралык экономикалык олимпиадага катышуу үчүн жолдомолорду төмөндөгү окуучуларга тапшырды:

Мухтаралиев Изатуллого (Кулушев Академиясы, Ош), Орозбеков Актанга (Г.Гмайнер мектеби, Бишкек), Зарылбекова Гердага (UWIS, Бишкек), АйбековаАйымга (UWIS, Бишкек), Тилек Аруукеге (№38 мектеби, Бишкек).

“Дельфин” жайкы эс алуу лагерине барууга Орузбаев Тагайбек  жана фНурмаматов Даниел (№13 мектеп, Бишкек), Алексеева Вера (Светоч” мектеби, Ош), Видищева Анастасия (“Газпром”, Бишкек), Самсалиева Арууке (Г.Гмайнер мектеби, Бишкек) татыктуу болушту.

Ал эми БАУнин экономика факультетинин деканы, доктор Кристофер Герри жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен финалдык турдан дагы ийгилик жаратууларын каалады. “Биздин приоритеттүү максаттарыбыздын бири финансылык, экономикалык сабаттуулукту өнүктүрүү болуп эсептелет. Бул биздин проектибиздин алгачкы жылы, андыктан ар бир окуучу өзүнө ишеним топтоп, алдыга жылыш керек”, — деди ал.

Финансылык сабаттуулук боюнча проектинин жетекчиси, БАУнун ага илимий кызматкери Кемел Токтомушев бир жылдын ичинде америкалык экономисттердин “Жүйөлүү экономика” аттуу базалык китебинин которулуп, бекер колдонууга мүмкүн болгонун айтып өттү. “Бул котормо проектибиздин биринчи этабы эле, олимпиада кийинки этабы болду. Экономика биздин жашообуздун бир бөлүгү эмеспи, ошондуктан көздөгөн максатыбыз – экономикалык сабаттуу, күнүмдүк турмушунда финансылык мүчүлүштүктөргө чалдыкпаган, шылуундардын кесепетинен чүнчүбөгөн инсанды тарбиялоо”, — дейт проектинин жетекчиси К.Токтомушев.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер