Байас ТУРАЛ:“ТУУ ТУУРА КАБЫЛ АЛЫНГАНДА ГАНА ЫЙЫККА АЙЛАНАТ”
- 14.12.2023
- 0
Курултайга кулак кагыш
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде белгилүү окумуштуу, кыргыз таануучу, акын Баяс ТУРАЛ менен туу тууралуу маек кылган элек. Максатыбыз- коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган бул темага компетенттүү адистердин мамилесин билүү жана салмак менен мамиле кылышса деген тилек болчу. Маектешим Баяс ТУРАЛГА кайрылганымда: -Туу тууралуу маек жарыялангандан кийин менин дарегиме кыйыр тийишкен, эч бир негизсиз эле “кимден”, “кандай душмандардан” жана эмне үчүн коргоп жатканы белгисиз, саясатташкан маңызсыз сөздөр көбөйүп кетти. Ката кабыл алган тууну коргоо менен алар кыргыз дүйнө таанымын жана улуттук баалуулуктарын “кордоп” жатышканын билбей жатышат. Ошондон улам, тууга байланыштуу айтылган айрым бир сөздөрдү чечмелеп, мурунку айтылган ойлорду дагы толуктап, аларга жооп берип койсок, -деди. Ушундан улам Туу боюнча талкуу бүтпөй, күчөп турганына байланыштуу биз Байас ТУРАЛГА дагы бир катар олуттуу суроолор менен кайрылдык.
-Сиз өткөн маегибизде Манастын туусу кызыл болгон дедиңиз эле. Ошону тагыраак чечмелеп берсеңиз?
-“Манас” эпосунда Манас атабыздын түпкү аталары “Ногойдон калган туу” кызыл түстө экени айтылат. Ал тууралуу изилдөөчүлөр баары эле жазып келатышат. Бирок ошолордун ичинен кыргыз таануучу М.Мураталиев иним Манастын ата-бабаларынан калган туу “династиялык туу”, “хан уруунун туусу” экенин жакшы далилдеп жазды. Азыркы тил менен айтканда ал тууну “президенттик штандарт” дейбиз. Бирок, биз “президенттик штандарт” тууралуу сөз да кыла элекпиз, чынын айтсак, көбүбүз ал эмне үчүн керек экенин да билбейбиз? Эгер аны билсек, андан “мамлекеттик тууну”, же “улуттун туусун” айырмалап айтат элек жана экөөн эки башка жасайт болчубуз. Менимче, азыр “президенттик штандарттар” король же императорлордун тукуму сакталган өлкөлөрдө эле бар. Башкаларда салыштырмалуу ар кандай. Мына ушул көз караштан алганда, биз – кыргыздар, Манастын урпактары катары атабыздын аталарынан калган “кызыл тууну” президенттик штандарт катары бекитип, кабыл алсак туура болор эле. Бирок ошол учурда дагы бир суроону такташ керек болот. Мисалы, азыр БУУда 200гө жакын мамлекеттер катталган, ошолордун көбүнүн тууларынын түсү чымкый кызыл түстө. Бирок алардыкынан биз-кыргыздар, Манас атабыздын туусун кантип айырмалайбыз? Ал үчүн адистер жана ушул темада изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн илимпоздор Манас атабызга түпкү аталарынан калган ошол кызыл туунун бетине түшүрүлгөн “тамганы” (белгини) аныкташ керек. Анткени, Манас атабыздын эле эмес, Кыргыз ичинде Ички улустун туусу да кызыл түстө болгон.
-Азыр “Тууну өзгөрткөндөн мурун өзүңөрдү өзгөрткүлө!”, -деп сүрөөн салып, чакырык таштагандардын тобу пайда болгонсуйт. Ошолор да сизге тийишип жатса керек?
-Ушул сөздү айткан адамдар өздөрү “өзгөргөн” адамдарбы? А чынында, “өзгөргөн” адамдарды “өзгөрбөгөн” адамдардан кантип айырмалайбыз? Эгер “Тууну өзгөрткөндөн мурун өзүңөрдү өзгөрткүлө!” деген сөздү айтып жаткан адамдар өздөрү “өзгөргөн” адамдар болсо, анда эмне үчүн “ката кабыл алынган” тууну коргоп, аны өзгөртүүгө каршы болуп жатышат? Эгер алар “өзгөрбөгөн” адамдар болушса, анда эмне үчүн бизден “өзгөрүүнү” талап кылышууда? Алар өздөрү эмне үчүн “өзгөрүүнү” каалашпайт? Же алар тууга карап өзгөрүшөбү? А чынында, консервативдүү көз карашты карманган адамдар “өзгөрүүнү” каалабаган “эскичил” адамдар болушат. Андай “эскичил” адамдар дайым “жаңычыл” адамдардын келишине тоскоолдук кылып жашашат. Бул табиятта: кыш өзгөргүсү келбей, жазды алыстаткандай, жаз өзгөргүсү келбей, жайды жаанчыл кылгандай, жай өзгөргүсү келбей, күздү ысыткандай, күз өзгөргүсү келбей, кышты сүргөндөй көрүнүш.
Туура, “тууну өзгөртүү” тууралу ойду дал ошол өздөрү “өзгөргөн” адамдар айтып жатышат. Тууну өзгөртүү тууралу пикирди айткан адамдарды карасаңыздар негизинен дүйнөнү көргөн, китеп окуган, компьютер караган билимдүү, илимдүү адамдар. Ошондуктан алар жөн гана “тууну өзгөртүш керек” деген сөздү айтпастан, аны “эмне үчүн өзгөртүш керек” жана “кандай кылып өзгөртүш керек” деген суроолорго илимий аргументтер менен жооп беришүүдө. Тескерисинче, экинчи тараптан биз андай нерселерди көрө алган жокпуз. “Биз каршыбыз” деген сөздөн башка сөз жок. Ошол үчүн алардын арасында: “азырынча, тууну өзгөртүүнү коё туруш керек, мезгили келет, ошондо өзгөртөбүз” дегендери да бар. Бирок, качан мезгили келет, азыр эмне үчүн тууну өзгөртө турган мезгил эмес, аны так айтышпайт. Эң кызыгы – ушул адамдардын арасында, кече эле: “тууну өзгөртүш керек” деген адамдар да жүрөт. Демек, бул бир илимий көз карашка таянган адамдар эмес, саясатташкан топ.
Дагы бир кызык көрүнүш: кече эле “борбордогу төрт райондун” аттарын кыргызча аталышка которолу”, “расмий жерлерде кыргызча сүйлөйлү” деп, өз элинде “патриот”, орус парламенти үчүн “улутчул” аталып аткан спикер Нурлан Шакиев, бүгүн “туунун түсүн өзгөртөлү…” деп айтып койгону үчүн “чыккынчы” деген атка конду. Андай болсо, 32 жылдан бери ушул сөздү айтып, жазып келаткан мен, “эми ким болдум” деген суроого жооп таба албайм? Кече кыргыз улутунун кызыкчылыгын коргогон сөз айтканда унчукпаган топ, бүгүн: “абыла, абыла, атка минди жабыла” болуп атышат. Демек, булардын арасында тууну шылтоолоп, кыргызды бөлүп-жарууну көздөгөн трайбалисттери да бар.
-Бул топ: “Туу качан өзгөрөт? Туу бир эл экинчи бир элди басып алганда, же жаңы мамлекет курулганда өзгөрөт”,- деген аргументти айтып жатышпайбы. Бир караганда бул сөз туурадай сезилет.
-Бирок буга мисалды биз кече эле тарыхтан көрбөдүкпү: СССРди эч ким басып албай эле, өзүнөн өзү чачылып, анан чачылган элдерди да эч ким басып албай эле, өздөрү улуттук символдорун башка кылып, ар бир эл өз тууларын түпкү салтка тууралап өзгөртүшпөдүбү! СССРдин туусун ал турсун анын мураскору деп саналган Россия да алган жок. Ал “жаңы”, улуттук туу катары мурунку Россия империясынын туусун мурастады. Бирок, ушул жерде бир суроо бар: эмне үчүн ушул убакка чейин орусту туу тутуп, андан баарын үйрөнүп, аны туурап орусча сүйлөп келген эл, туу кабыл алууга келгенде орустан сабак алган жокпуз?
-“Туу — ыйык, тууну алмаштырган болбойт,”- деген сөздөр да күү менен айтылып кетүүдө.
-Бул туура эмес айтылган сөз. Тууну адам ойлоп табат. Туу адамды ойлоп таба албайт. Кудай жараткан жаныбарлардын ичинен эң улуусу, эң ыйыгы – ал Адам. Кыскартып айтканда, Адамды Кудай жаратса, Тууну Адам жаратат. Демек, туу адамдан артык эмес. Туу адам жараткан, ал ойлоп тапкан символ гана. Ал туура кабыл алынганда гана ыйыкка айланат. Ал ыйыкка айланыш үчүн анда улуттун жүзү, түпкү дүйнө таанымы жана улуттук баалуулуктардын негизги элементтери сиңирилип турушу керек. Мына ошондо, ошондой тууну тебелеген адам улуттун жүзүн тебелеген болот, улуттук дүйнө таанымды тебелеген болот, улуттук баалуулуктарды тебелеген болот.
Туу элден да жогору эмес. Кыргыз эл болгону үчүн ушул туу желбиреп турат. Кыргыз эли болбосо, бул тууну ким көтөрөт эле. Эл “бузулган” символду эмес, “туура” кабыл алынган символду ыйык тутуш керек. Адамдын да тазасы, туура жүргөнү, салт, нарк кармаган үлгүлүүсү ыйык, касиеттүү делет. Туу да ушундай – улуттук улуу касиеттер сиңирилбеген тууну эч ким ыйык дебейт.
-Тууну коргоп жаткандардын сиз сыяктуу илимий негиздеги аргументтери бар экенин биле алдыңызбы?
-Аргументтерин эч кимисинен уга элекмин. “Туу ыйык”, “тууну коргогула”, “тууга тийбегиле”, ж.б. кургак жана орой сөздөрдөн башка адамды ынандыра турган бир да фактысы жок. Демек, “ката кабыл алынган” тууну коргоп жаткандар “саясатташкан” адамдар. Илимий көз караштан алганда, алар тууну коргобой эле, кордоп жатышат.
-Тууну өзгөртсөк эле өлкө өнүгүп кетеби? -деген пикирлер да басымдуу болуп жатат?
-Бул сөз, албетте, жөн жаткандан көрө бар экенимди билдирип, сөзгө кошулуп турайын деген ойдо элди ээрчип сүйлөгөн бир билимсиз, карапайым адамдын оозунан чыккан сөз. Анткени, билимдүү адам, жанаша жашап жаткан бардык нерсенин бири-бирине таасири бар экенин билет. Ал таасирлер жандуулардан жансыздарга гана өтпөстөн, жансыздардан жандууларга да өтөт. Этнография илиминде фетишизм деген термин бар. Ал жансыз заттарга сыйынуу салтын маанилейт. Мисалы, тумардын таасирин баарыбыз билебиз. Ошол тумарды тагынып жүргөн адам менин жолум ачылды деп ишенет, тумар ага дем-күч берет. Бул жансыз заттын жандуу затка тийгизип жаткан таасирин көрсөтөт.
Албетте, тууну өзгөртсөк эле өлкө ошол замат дүрт этип өнүгүп кетпейт. Туу туура кабыл алынганда, биздин элибизде да ошондой туура улуттук ишеним пайда болот. Акырындап, анан ал туу улуттук ишенимди бекемдеген “тумарга” айланат: улуттук аң-сезимге таасир берет, улуттук духту тарбиялайт, улуттук ар-намысты ойготот, элди бириктирет. Туура кабыл алынган туунун улуттук баалуулуктарга негизделген узун этникалык тарыхы жана дүйнө таанымдык терең философиясы болот. Туунун ошол улуттук баалуулуктарга негизделген этникалык тарыхы жана дүйнө таанымдык философиясы мектептерде жана жогорку окуу жайларында чечмеленип окутулат.
Азыркы тууда “Манас атабыздын туусу” деген сөздөн башка эч кандай аргумент жок. Бирок, аны да кызыл түсүнө эле карап, “Манас атабыздын туусу” деп айта албайбыз. Анткени дүйнөдө кызыл туу көтөргөн элдер көп, бирок, дагы бир жолу айтам, биздин кызыл тууда алардан айырмалап турган Манас атабыздын тамгасы же белгиси жок. Ошондуктан бул тууну “Манас атабыздын туусу” деген сөз – башка элдер укса күлө турган жөн эле сөз.
-Асабада сиз айткандай аңыз кеп болгон ыйык барс жана бөрүлөр бар эмеспи?
— Ооба, тарыхый булактарда жазылган маалыматтарга караганда, түрк каганатын түзгөн ашина уруусу алтын жиптер менен “бөрүнүн башы” саймаланып түшүрүлгөн көк асабаны башкы туу катары көтөрүп жүрүшкөн. Ал эми монгол империясын түзгөн Чынгыз хандын башкы туусу бетине ак шумкар саймаланган “тогуз чоктуу ак асаба” болгон. Демек, мунун өзү “көк асаба” көтөргөн Ашина уруусу көчмөн элдердин Сол канатынан, “ак асаба” көтөргөн Чынгыз хан көчмөн элдердин Оң канатынан чыкканын көрсөтүп турат.
Кыпчак тарыхын изилдеген көрүнүктүү орус окумуштуусу С.Плетневанын маалыматы боюнча кытай булактарында: “барстар жана бөрүлөр келишти” деген маалымат учурайт. Окумуштуу аны чечмелеп, кытайлар “бөрүлөр” деп түрк аскерин, “барстар” деп кыргыз колун айтышканын аныктаган. А чынында, барс – Энесайдагы Кыргыз хандарынын тотеми болгонун ташта калган жазуулардан улам да жакшы билебиз. Ал тууралуу көрүнүктүү кыргыз таануучу хакас элинин улуу уулу, окумуштуу В.Я.Бутанаев да өзүнүн эмгектеринде көп жазды. Ырас, андай болсо, эмне үчүн ушул убакка чейин биз барстын башы саймаланган Манас атабыздын туусун кабыл алган жокпуз? Ал бир эле Энесай жазмаларынан эмес, кытай булактарынан да жолугуп атпайбы!
-Эми ток этер жерин айталы. Кандай сунуштарыңыз бар?
-Ырас, Туунун өзгөрткүбүз келсе, анда аны эми илимий көз карашка негиздеп, атрибуттарын толук тактап, өзгөртөлү. Анда, комиссиянын ичине ушул темада изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү да кирсин. Президенттик штандарт катары бетине Барс тотеминин башы саймаланган кызыл тууну кабыл алсак, анда биз Манас атабыздан калган “династиялык тууну” калыбына келтирет элек. Муну менен биз король жана императорлордун тукумдары сакталган элдер менен тең ата экенибизди билдирет болчубуз. Ал эми, Мамлекеттик туу катары Ак уул, Көк уул жана Кызыл уулдун түстүк белгилери толук чагылдырылган асман түстүү асабаны кабыл алганыбыз туура. Анда, анын бетине “40 нур” чачыраган Күндүн элесин, же чамгарагы “кут” белги көрүнүшүндө туура түшүрүлгөн Түндүктүн өзүнүн графикалык сүрөтүн карап көрүү керек болот. Анткени, Түндүктүн өзү да күндүн символун билдирет. Бул — дүйнөгө төбөсү көрүнгөн Кыргыз үйүн элестетип, туунун маанисин кеңейтип, маңызын тереңдетип, улуттук баалуулугун арттырат эле.
-Маегиңизге рахмат!
Аңгемелешкен: Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер