БАУ МИНИСТРЛИККЕ 600 ДААНА “ЖҮЙӨЛҮҮ ЭКОНОМИКА” КИТЕБИН БЕРДИ

  • 16.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Борбордук Азия университетинин өнүктүрүү боюнча менеджери Элнура Сулайманова, БАУнун илимий кызматкери Маржан Айкимбаева, долбоордун адиси Мунара Өмүралиева менен жолугушту.

БАУ МИНИСТРЛИККЕ 600 ДААНА “ЖҮЙӨЛҮҮ ЭКОНОМИКА” КИТЕБИН БЕРДИ

Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү министрликке экономикалык сабаттуулук боюнча долбоордун алкагында жарык көргөн “Жүйөлүү экономика” китебинен 600 даана тапшырды.

Кыргыз жана орус тилиндеги китептер менен биринчи этапта Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын мектептеринин китепканаларына берилсе, экинчи этапта калган облустарга берилет.

“Жүйөлүү экономика” китеби англис тилинен которулуп, мамлекеттеги экономикалык процесстерди түшүнүүгө зарыл болгон билимдерди камтыйт. Китеп мектеп окуучуларына финансылык сабаттуулук жаатында керектүү билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет.

Борбордук Азия университети экономикалык сабаттуулук боюнча долбоордун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу экономика боюнча эл аралык олимпиада өткөрөт. Олимпиадага 9-10-11-класстын окуучулары катыша алат. Эл аралык сынактын акыркы этабы 2023-жылдын сентябрында Словакиянын Братислава шаарында өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер