БатМУда стратегиялык пландоо боюнча семинар өттү

  • 27.06.2024
  • 0

Баткен мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 9-январындагы протоколдук тапшырмасынын алкагында Баткен районунун аймагындагы тогуз айыл аймак башчыларына, инвестиция тартуу боюнча адистерине «Уюмдарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

БатМУда стратегиялык пландоо боюнча семинар өттү

Семинарда катышуучулар “Стратегиялык план эмне үчүн керек?”, “Эмнеге стратегиялык пландар ишке ашпай калат?” “Стратегиялык максаттарды SWOT жана PEST анализдин негизинде талдоо” боюнча суроолорго жооп берилди.

БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемеси аймактарды өнүктүрүүгө багытталгандыгын жана бул тескемеге орчундуу мамиле жасоо керектигин белгиледи.

БатМУда стратегиялык пландоо боюнча семинар өттү

Окуу жайдын экономика жана каржы боюнча проректору М.М.Үсөнов аймактык-территориялдык реформа жана айыл аймактардын структуралык реформалары  жөнүндө айтып берди. Ал эми Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү иштери боюнча проректору Абдипатта у. Ж. «Стратегиялык пландоо» боюнча семинар өттү.

Эскерте кетсек, Баткен мамлекеттик университети жогорудагы тескемеге ылайык, апрель айында Кадамжай райондук администрациясынын аппарат кызматкерлерине жана айыл аймак башчыларына да окутуу өткөргөн.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер