БАТКЕНДЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 11.08.2022
  • 0

Бүгүн 11-августта Баткен облусундагы 98 мектепке жаңы директорду тандоо үчүн өткөн сынактын экинчи турунда жалгыз бир талапкер максималдык балл — 74% ээ болду. Катышкандардын ичинен босого баллдан 60 адам өттү.

Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борборунан алдын-ала алынган маалымат боюнча сынактын биринчи туруна катышууга 200 талапкер документ тапшырып, тыянагында 150 талапкердин документи өткөн эле. Бирок конкурска эки талапкер катышкан жок.

Сынакта шарты боюнча эң көп упай алган талапкерлер мектеп директору болуп калмакчы. Эгерде жогору балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.

Президенттин жарлыгына ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун ордуна Билим берүү жана илим министрлиги конкурс жарыялаган. Баардыгы 996 мектептин директорунун кызмат ордуна конкурс жарыяланышы керек.

Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө нараазы болуп, аппеляциялык арыз жазгандар боло элек.

БАТКЕНДЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО СЫНАГЫ ӨТТҮ

 

А.Кашыбаева, «Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер