БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИНЕ
- 15.08.2023
- 0
Кыргызстандагы башкы маселелердин бири билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттин келечегин түптөө, бакубат экономикалык өнүгүүгө жетишүү, өз коомунун келечек муундарына татыктуу билим жана тарбия берүү болуп эсептелет. Андыктан өлкөбүздүн экономикалык деңгээлин эске алуу менен билим берүү тармагында келечек муундарга татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү үчүн кенже окуучуларын функционалдык сабаттуулуктарын, негизги жана предметтик компетенттүүлүгүн түптөө учурда актуалдуу маселе болуп эсептелинет.
Азыркы дүйнөдө функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү – адамдын өмүр бою алган билимин турмуштун көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонуу жөндөмү актуалдуу болуп баратат. Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу, математикалык, табигый, глобалдык, чыгармачыл ой жүгүртүү жана финансылык сабаттуулуктарды калыптандырууга көңүл буруу менен функционалдык сабаттуулукту өркүндөтүү зарыл.
КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын», Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2040-жж. Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы №200 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2040-жж. Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн программасы жана аракеттердин планын, Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2040-жылдары өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралардын планындагы 2.1. багыты боюнча мазмунду өзгөртүү аркылуу билим берүүнүн сапатын, 2022-2024-жылдарга КР ББИМнин PISA – 2025 изилдөөлөрүнө катышууга КРнын билим берүү системасын даярдоо боюнча иш-аракеттер планындагы КРнын БИМдин №222/1 буйругу, 2022-жылы 24-февралда бекитилген 2.1. багыты боюнча функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу боюнча окуу-методикалык материалдарды даярдоонун негизинде кенже окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүнү ишке ашыруу маанилүү.
Башталгыч класстарда балдардын окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу маселеси артыкчылыктуу орунда турушу шарт, окуу жана жазуу көндүмдөрүнүн калыптанышына өзгөчө маани берилет, анткени окуу баланын өзү окуган предметтери эле эмес, башка предметтерди да натыйжалуу өздөштүрүүдө түшүнүүсүн кеңейтүү менен окуу сабаттуулугун тереңдетет.
Башталгыч класстарда элементардык математикалык сабаттуулуктун алгачкы көндүмдөрү калыптана баштайт. Мындан сырткары окуучунун тапшырмалардын аткарылышын түшүндүрүүсү жана негиздеп берүүсү, багыттоочу суроолорго жооп берип, өз сунуштарын негиздей алуусу менен санариптик сабаттуулуктун калыптандырылышы да максатка ылайык. Бул куракта балдар интеграцияланган сабактарды окуп, алардан алган билимдери табият, коом, адам жана анын эмгеги тууралуу түшүнүктөр менен жабдылуусу зарыл.
Мен жана дүйнө предмети кенже мектеп окуучуларынын дүйнө таанымынын илимий көрүнүшүн калыптандыруу жана себеп-натыйжа байланыштарын түзүүдө маанилүү орунду ээлейт. Алар себеп-натыйжа байланыштарын жана көз карандылыкты, курчап турган дүйнөнүн объектилери менен кубулуштарынын ортосундагы ички байланышты аңдап түшүнүүлөрү зарыл. Кенже мектеп окуучуларын натыйжа аркылуу себепти ачууга, ар кандай кубулуштардын кесепеттерин алдын ала айтууга, жаратылыштагы себеп-натыйжа байланыштарынын татаалдыгын көрсөтүүгө үйрөтүү окуу процессинин өзгөгү болуп эсептелинет.
Окутуунун өзгөчөлүктөрү
Мындан мурдагы окуу жылдарында башталгыч мектептин мугалимдери окуткан предметтери – Кыргыз тили, Адабий окуу, Математика жана «Мен жана дүйнө» боюнча кенже окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өркүндөтүү жана компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу аркылуу практикага багыттап окутуу маселеси сунушталат.
Кыргыз тили жана адабий окуу предметтерин окуп-үйрөтүү башталгыч класстын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун, коммуникативдик жана окурмандык компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталган.
Кенже курактагы окуучунун сабатын ачуу жана кол жазмасын түптөө иши Кыргыз тили предмети аркылуу жүргүзүлүп, ага жумасына 3 саат, жылына 102 саат, Адабий окуу предмети кенже окуучунун көз карашын, адамдык сапаттарын, жакшы менен жаманды айырмалап билүү, жакшы болууга умтулуу, жакшы окуу, адеп-ахлакка тарбиялануу, эли жеринин жана анда жашаган элдердин каада-салтынын өзгөчөлүктөрүн билүү, текстти түшүнгөнүн, текст менен иштөөсүн өнүктүрүү, стратегияларды (стикер аңгеме, каармандар картасы, тамгалар дубалы, катылган тамгалар ж.б.) колдоно алуу жөндөмүн өстүрүү үчүн жумасына 3 саат, жыл ичинде 102 саат, класстан тышкары окууну уюштурууда тарбиялык маанидеги сабактарды уюштурууга жумасына 1 саат, жыл ичинде 34 саат бөлүнгөн.
Сабаттуулук – бул күнүмдүк жашоонун негизги өзөгү жана окуучу башталгыч мектепте калыптандырган эң маанилүү көндүмү. Сабаттуулук бардык мектеп предметтерин окуп үйрөнүү үчүн жана кийинки баскычтарда (негизги жалпы жана жалпы орто мектеп) ийгиликтерге жетишүүдө чечүүчү мааниге ээ. Сабаттуулуктун окуу, жазуу көндүмдөрүн натыйжалуу өнүктүрүүдө комплекстик мамилени колдонуу окуучуларга жаңы маалыматты жеңил чечмелөөгө, жаңы идеяларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет жана баланын өнүгүүсү үчүн негизги мааниге ээ. Окуу – бул фундаменталдык көндүм, анын жардамы менен окуучулар жаңы маалыматтарды өздөштүрүшөт жана керектүү билимдерге ээ болушат. Жазуу негизги сабаттуулук көндүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Окуучулардын ар кандай окурман түшүнө ала турган мазмундуу тексттерди түзө алышы, ар бир окурманга тема, окуялар, алардын айланасындагы дүйнө жөнүндө өз ой-пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берет.
Кайсы гана тармакта болбосун же кайсы гана кесипте болбосун, жазуу көндүмү өтө маанилүү. Окуучулар окугандары жөнүндө жазган учурда, алар өз кабыл алуусун жана ой жүгүртүүсүн жакшырта тургандыгын көрсөтүшөт. Мектеп босогосун жаңы аттаган балдардын арасында тамга таанып, кошуп окуй алган балдар менен бирге, тамганы тааныбай жана окуй албагандар да кездешет. Андыктан, сабат ачуу сабактары “Алиппе” окуу китеби боюнча гана окутулбастан, кошумча материалдарды (чакан тексттер, жомоктор, дидактикалык материалдар, сүрөттөр, карточкалар, аудио китептер, видео- баяндар ж.б.) пайдалануу менен жүргүзүлөт. Окуу жана түшүнүү көндүмүн өнүктүрүү үчүн туташ жана туташ эмес тексттер менен иштөө, ага ылайык тапшырмалардын типтери жана чыгармачыл жазуу өз эффектисин берет.
Адатта финдер ар кайсы усулдарды айкалыштырып колдонот. Алар биргелешкен (кызматташкан) жана жеке ыкманы пайдаланышат. Бул окуучулардын активдүү болуу жоопкерчилигин бекемдейт. Мугалим багыт берип гана турушу керек. Окуучу болсо өз билимин өзү жакшырта аларын сезиши керек.” [Шаматов Д. “Билим – бакыт канаты” – Б., 2022. 44-б].
Окуучуларды бул көндүмдөргө өз алдынча, жуп, топ менен иштөө аркылуу машыктыруу керек. Окуучулардын көрүү, угуу, сүйлөө, окуу, жазуу иш-аракетттерин өнүктүрүү иштерине айрыкча көңүл бурулат. Эске тутуу, түшүнүү, колдонуу, талдоо, ойлонуу, чыгармачылык деңгээлдеги билим, көндүмгө жетүүгө багыттоо, жетекчилик кылуу иштери аткарылат.
Мындай материалдарды колдонуу менен өтүлгөн сабактар, окуучулар үчүн кызыктуу жана натыйжалуу болот. Ошондуктан, башталгыч класстын мугалими ар бир окуучунун өзүнө таандык бөтөнчөлүгүн, жөндөмдүүлүгүн туура тааный билүүгө тийиш.
Эгерде башталгыч мектептин окутуу процессине чыгармачыл жазууну мүмкүн болушунча эрте, ар түрдүү көнүгүү түрүндө бул математика, мен жана дүйнө, музыка сабагы болобу үзүндү эмес, системалуу түрдө киргизүүнү баштаса, өзүнүн оюн жазуу татаал жана аткарууга кыйын маселе болбойт. Эгер жазууну үйрөтүү менен бир учурда чыгармачыл жазуу стратегиясын пайдаланса, анда биринчи класстын аягында окуучулар 30-35 сөздөн турган тексттерди түзүп гана койбостон, тилдик сезгичтик, демек, туура жазуу көндүмү калыптана тургандыгын тажрыйба көрсөтөт (Рамзаева Т., ж.б. 2020).
Окутуунун практикалык негизин компетенттүүлүк мамиле аныктайт, аны ишке ашыруу башталгыч мектептин окуучуларында негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өз ара байланышта калыптандырууга багытталат.
Көркөм тексттер менен иштөөдө аны эмоциялуу-баалуулук мамилелери аркылуу кабыл алуусу, өзүн өнүктүрүүсү инсанга багытталган мамилени ишке ашыруунун негизи.
Мында дифференциялап окутууну, долбоорлоо методун, өнүктүрүүчү технологияны, сынчыл ойломду колдонууга болот жана негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталышы шарт. Сабактарда оюн технологияларын колдонуу – башталгыч класстын окуучуларынын эмоционалдык интеллекттин жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Окутуунун ар бир методу өзүнө мугалимдин окутуу ишин, окуучунун окуу таануучулук ишмердигин уюштурууну, ошондой эле сабакта кенже окуучуларга кептик ишмердүүлүктүн ар түрдүү түрлөрүн колдонууну камтыйт.
Калыптандыруучу баалоо дифференцияланган окутуунун маанилүү бөлүгү, себеби баалоонун жыйынтыгында алынган маалыматтын негизинде айрым окуучуларга же окуучулардын топторуна алардын окуу көндүмдөрүнүн өнүгүү деңгээлине жараша колдоо көрсөтүүгө жана аларды окутуу усулдарын аныктоого мүмкүндүк берет. Баалоону регулярдуу түрдө колдонуу жана окутуу процессин өз убагында оңдоп түзөө маанилүү.
Сунушталуучу темалар:
Кыргыз тили жана адабий окуу предметтерин окутуунун окуу-ченемдик документтери (предметтик стандарт, окуу программаларынын жаңы редакциясы) тууралуу;
— Кенже мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулуктарын өркүндөтүү бул функционалдык сабаттуулуктарынын калыптанышынын негизи;
— Мектеп практикасында башталгыч класстар мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана келечектүү чечимдерди кабыл алуу;
— Кыргыз тили жана адабий окууну компетенттүүлүктүн негизинде натыйжага багыттап окутууга карата деңгээлдик тапшырмалар.
калыптануучу базалык окуу көндүмдөрү жана аларды баалоо
Математика
Билим сапаты жогору, адеп-ахлактуу, санариптик доордун талаптарын ишке ашырган кенже окуучуну даярдоо үчүн Мамлекеттик стандарттагы негизги компетенттүүлүктү, предметтик стандартта аныкталган предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү талабын ишке ашыруу менен математикалык функционалдык сабаттуулугун өркүндөтүү маселеси актуалдуу болуп эсептелинет.
Негизги копетенттүүлүктөр кенже окуучунун маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрүн чече билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, предметтик компетенттүүлүктө математикалык көндүмдөрүн калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү талаптарын эске алуу менен предметтик стандарттагы так аныкталган окутуунун максаттарын жана милдеттерин, колдонулуучу методдорун/технологияларын, каражаттарын, күтүлүүчү натыйжаларын, баалоо методдорун (kao.kg cайты) ишке ашыруу сунушталат. Мындан мугалим сабактын планын жазууда жогорудагы аталган иш-аракеттерди эске алып, Базистик окуу планында аныкталган жумалык, жыл ичиндеги сааттык жүктөмдөрү жана окуу программасы ишке ашырылышы зарыл.
математика боюнча аныкталган жумалык жана жыл ичиндеги сааттык жүктөмдөрү
Класстар | БОПто бөлүнгөн саат | Жыл ичиндеги жуманын саны | Жылдык жүктөм саат менен |
1 | 4 | 33 | 132 |
2 | 5 | 34 | 170 |
3 | 5 | 34 | 170 |
4 | 5 | 34 | 170 |
Сабактардын максаттарынын жана милдеттеринин так коюлушу, көрсөтмө куралдардын колдонулушу кенже окуучунун математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, теория менен практиканын айкалышына, окутуунун формалары менен методдору/технологиялары кенже окуучулардын өнүгүүсүнө багытталышы, мугалимдин шыктандыруучу, коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүүсүн талап кылынат.
Кенже окуучулардын компетенттүүлүктөрүн ишке ашырууда берилген тапшырмалардын деңгээлдери жана колдонулуучу каражаттар маанилүү. Ошондуктан математика окуу китеби мугалим тарабынан тандалат, ал окуу китебинен сырткары кошумча 2-3 окуу китептери, окуу куралдары, окуу материалдары колдонулат.
Деңгээлдүү тапшырмалар жөнүндө айта турган болсок, анда негизги компетенттүүлүктү калыптандырууда кабыл алынган репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү тапшырмалар сунушталат.
Репродуктивдүү тапшырмалар – окуу китептеринин өзүндө үлгү катары берилген, үлгүгө таянуу менен аткарылуучу жөнөкөй тапшырмалар.
Продуктивдүү тапшырмалар – кенже окуучулардын ийгилик жаратуучу тапшырмалары болуп саналат. Мындай деңгээлдеги тапшырмалар айрым учурларда гана авторлору И.Бекбоев, Н.Ибраевалардын 1-4-класстар үчүн математика окуу китептеринен орун алган.
Креативдүү тапшырмалар – кенже окуучулардын өз алдынча конструкциялоонун негизинде татаал курамдуу иш-аракеттерди талап кылган жөндөмүн калыптандыруучу чыгармачылыкты жаратуучу тапшырмалар болуп эсептелинет. Мындай тапшырмалар кошумча колдонууга тандалган окуу материалдарынан, айрым методикалык колдонмолордон пайдалана аласыңар.
Мамлекеттик стандартта белгиленгендей “Долбоорлоо” методдору жана “Окуу керемет!” долбоору сунуштаган “Түшүндүрүү жана негиздөө”, “Моделдердин көптүгү”, “Көндүмдөрдү өнүктүрүү прогресс” стратегиялары, «Скаффолдинг», «1–100 таблицасы», «Конкреттүү, графикалык, абстрактуу (КГА)», «Боолор жана таякчалар», көлөмдүү фигуралардын (кубиктердин) жайгашуусу боюнча ээлеген ордун аныктоо, кырдаалдык маселелер жана алардын деңгээлдери ж.б. колдонуу кенже окуучунун билим сапатын тереңдетүү, ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү багытында колдонууну сунушутайбыз.
Ошондой эле сунушталган тапшырмалар кенже окуучулардын ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүгө багытталган логикалык тапшырмалар (оозеки эсептөөгө, сандар менен болгон оюндар, кызыктуу маселелер, кроссворддор, графикалык тапшырмалар ж.б.), кырдаалдык маселелер, маалыматтарды талдоо, мыйзамченемдүүлүктөрдү аныктоо ж.б. болуп эсептелинет.
“Окуу керемет!” долбоору тарабынан сунушталган “Математикалык сандыкчадагы” каражаттардын ылайыктуу, орду менен пайдаланылышы абзел.
Кенже окуучулардын алган билимин өнүктүрүү максатында кыргыз тили, адабий окуу, математика, мекен таануу предметтеринен иштелип чыккан «Ibilim» платформасы (IBilim.kg); кенже окуучулардын илимий изилдөө иштерине багыт берген «Долбоорлоо» методу активдүү, натыйжалуу колдонулуп келүүдө. Буга мисал катары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Окуу керемет!” долбоору тарабынан 1-6-класстар арасында 2021-2022- жана 2022-2023-окуу жылдарында жарыяланган «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!» аталыштагы республикалык конкурс ийгиликтүү өтүп, алардын материалдары фейcбук, ютуб каналдарына, okuukeremet.com сайтына жайгаштырылган. Ошондой эле 1-4-класстар үчүн математика боюнча даярдалган видеосабактар, методикалык видеоматериалдар, тесттер, слайддар мугалимдер үчүн пайдаланууга сайттарга (edu.gov.kg; kao.kg; youtube каналына) жайгаштырылган.
Мындан сырткары предметтик стандартта көрсөтүлгөндөй кенже окуучулардын иш-аракеттери 1- жана 2-класстарда баа коюлбай, сыпаттык мүнөздө берилет, ал эми 3-4-класстарда баалоонун метод, ыкмалары колдонулуп, 5 баллдык баалоо сунушталат.
Окуу процессинде башталгыч класстардын мугалимдери аныктоочу, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоонун түрлөрүн колдонушат. Ошону менен бир катар кенже окуучулардын мүмкүнчүлүктөрү эске алынып, математикалык көндүмдөрүн өстүрүүдө калыптандыруучу баалоого басым жасалып, кайтарым байланышты колдонуу сунушталат. Мугалимдердин калыс, так баалоосу үчүн тесттик, өзүн-өзү баалоо, бирин-бири баалоо, топтук баалоо, критериалдык баалоо сыяктуу метод, ыкмалары менен предметтик стандартта аныкталган көрсөткүчтөр кенже окуучулар тарабынан ишке ашырылат.
“Окуу керемет!” долбоору тарабынан иштелип чыгып, кенже окуучулардын математикалык көндүмдөрүн аныктоого багытталган “BaalooApp” жана мугалимдин сабагына байкоо жүргүзүүгө багытталган “SabakApp” электрондук инструменттерин (okuukeremet.com) мугалимдер өз чөнтөк телефондоруна жазып алуу менен колдонуусун сунуштайбыз.
Башталгыч класстардын мугалимдерине төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:
Башталгыч мектепте математикалык билим берүү процессин электрондук окуу-усулдук материалдары менен колдоо.
Башталгыч мектепте мугалимдердин маалыматтык коммуникативдик технологияларды математика сабагында колдоно алуусу.
Кенже окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн, компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү.
Кенже окуучулардын математикалык сабаттуулуктарын, финансылык сабаттуулуктарын өркүндөтүү.
Мугалимдердин деңгээлдүү тапшырмаларды, кырдаалдык маселелерди, мыйзамченемдүүлүктөрдү, маалыматтарды талдоо жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө карата тапшырмаларды окуу процессинде колдонуу.
«Мен жана дүйнө» предмети
«Мен жан дүйнө» интеграцияланган предмети кенже окуучулардын курчап турган дүйнөнүн көп түрдүүлүгү жана ырааттуулугу менен өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Предметти өздөштүрүү процессинде балдардын жынысын жана жашын эске алуу менен алардын социалдашуусу жана өзүн идентификациялоосу үчүн шарттар түзүлөт. Предметтин алкагында балдардын реалдуу жана виртуалдык дүйнө, интернеттеги жүрүм-турум эрежелери, жеке гигиеналык көндүмдөрү, сергек жашоо ыңгайы жөнүндө түшүнүктөрү, өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилеси калыптанат, ден соолук үчүн жөнөкөй, бирок баалуу чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, «жашыл көндүмдөрдүн» негиздери түзүлөт.
«Мен жана дүйнө» предмети интеграцияланган предмет, жумасына 2 саат, жыл ичинде 1-класста – 66 саат, калган 2–4-класстарда – 68 сааттан бөлүнгөн. Бул предмет боюнча жашыл экономика, экологияны сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, Кыргызстандын жаратылышынын кооздуктары жана байлыктары, ден соолукту чыңдоо, маалыматтык-техникалык каражаттарды колдонуу менен жаратылышка байкоо жүргүзүү, аларды каттоо жана талдоо, интернет булактарынан пайдалана билүү сыяктуу маселелерди ишке ашыруу сунушталат.
Эске алынуучу нерсе – бул кенже окуучунун окуганын түшүнүүсү, окурмандыгын уюштуруу, өз колу менен ар кандай китепчелерди жаратуусу, сүрөт тартуу менен оюн чагылдыра алуусу, жаратылышка аяр мамиле жасоосу, өзүн тыкан, таза алып жүрүүсү, кооптуу жерлерден сактана алуусу, башкалардан жардам алуусу жана жардамдашуусу сыяктуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Мугалимдер өз сабактарында мисалдарды окуучуну курчап турган айлана-чөйрөдөн, жашоо-тиричиликтен келтирүүсү маанилүү. Анткени, кенже окуучунун PISA тапшырмаларын аткарууга даярдыгы башталгыч класстарда башталат.
«Мен жана дүйнө» предметинин стандарты (kao.kg) төмөнкүдөй жаңы талаптарга багытталган:
— окуу мазмунун интеграциялоо;
— жаңы предметтик компетенциялар;
— билим берүүнүн натыйжаларынын жаңы көрсөткүчтөрү;
— натыйжаларга басым жасоо менен формативдик баалоонун ролун күчөтүү;
— өзүн таануунун, каржылык жана медиасабаттуулуктун негиздерин калыптандыруу;
— жаратылыш жана социалдык чөйрөлөрдөгү жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандыруу;
— социалдык-эмоциялык жана инсандык өнүгүү, окуучуларды руханий-адептик жактан тарбиялоо.
Предметтин максатынын жана өздөштүрүү объекттеринин (адам, жаратылыш кубулуштарынын жана коомдук көрүнүштөрдүн) негизинде предметтик компетенттүүлүктөрдүн төмөнкүдөй топтому түзүлөт:
— Социалдык-инсандык компетенттүүлүк;
— Табигый-илимий компетенттүүлүк;
— Экологиялык компетенттүүлүк;
— Коопсуз жашоо компетенттүүлүгү.
«Мен жана дүйнө» предметтик стандартында берилген ар бир класс боюнча билим берүүнүн натыйжаларын жана аларды ишке ашыруунун көрсөткүчтөрүн, алар билим берүү маселелерин чечүүнүн көрсөткүчтөрүн сабактын планын жазууда ишке ашыруу сунушталат.
Материалдын мазмунун түшүнүү жана өздөштүрүү деңгээли жөнүндө маалыматтарды чогултуу үчүн баалоонун түрлөрүн жана ыкмаларын колдонуу мугалимге окуучулардын билим берүү муктаждыктарына ылайык окууну дифференцирлөөгө мүмкүнчүлүк берерин мугалим эске алуусу зарыл.
Биринчи жана экинчи класстарда жыйынтыктарга жетишүүнүн ийгилигине баа берүү сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын колдонуу менен баасыз жүргүзүлөт. Мугалим калыптандыруучу баалоого басым жасайт, анткени баалоо окуу процессинин бир бөлүгү катары окуучунун жетишкен деңгээлине жана керектөөсүнө ылайыкташтыруу үчүн колдонот.
Үчүнчү класстан баштап окуучуларга баа коюлат, бирок төртүнчү класстын аягына чейинки окутуу процессинде баа да, сапаттык жана сыпаттама методдор да колдонулат (баалоо критерийлери, жазуу жана оозеки кайтарым байланыш, натыйжага жетүү деңгээлин сыпаттап баалоо ж.б.).
Окуучулардын предмет боюнча жетишкендиктеринин деңгээлин текшерүү оозеки сурамжылоолордун, жазуу жүзүндөгү тапшырмалардын, тажрыйбалык тапшырмалардын, долбоорлоо жана изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Чыгармачылык иштерди жана долбоордук ишмердүүлүктү баалоо үчүн мугалим балдар менен биргеликте долбоордун максатын жана милдеттерин түшүнүүнү, долбоордун аткарылышын, чыгармачылыктын жана демилгенин көрүнүшүн, иштин аткарылышын, долбоордук ишти коргоонун сапатын эске алган баалоо критерийлерин иштеп чыгат.
Предметти окутуунун методикасына коюлуучу негизги талаптар
«Мен жана дүйнө» предметинин өзгөчөлүктөрү жана билим берүү натыйжалары окутуу методикасына төмөнкү талаптарды коёт:
Окуучулардын таанып билүүчүлүк керектөөлөрүн ишке ашырууну камсыз кылуучу окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу:
— окуучулардын таанып билүүчүлүк кызыгуусун ойготуу, аларды жаратылышка жана коомго карата шыктануу мамилесин, баалуулук багыттарын жана өзүн курчап турган дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү катары сезүүнү калыптандырууга багыттоо максатында изденүү жана ачылыш жасоо маанайын түзүү;
— окуучунун ролун өзгөрткөн окутуунун активдүү жана интерактивдүү ыкмаларын колдонуу: пассивдүү, ой жүгүрткөн баладан өз алдынча, сынчыл ой жүгүрткөн, өзүнүн иш-аракетине баа бере алган инсанга жетишүү;
— билимди өз алдынча алуу, керектүү маалыматты чогултуу, гипотеза коюу, корутундуларды жана тыянактарды чыгаруу (байкоо, жалпылоо, элементардуу изилдөөлөр, тажрыйбалар, долбоорлор ж.у.с.);
— балдардын жаратылышта жигердүү иш-аракеттерин уюштуруу менен экологиялык иш-чаралар менен айкалыштырылат;
— окуучуларды өз алдынча билим алууга, өзүн өнүктүрүүгө, өзүн баалоого жигердүү тартуу;
— жаңы дидактикалык материалдарды долбоорлоо, стандарттуу эмес тапшырмаларды издөө, реалдуулукка жакын, стандарттуу эмес кырдаалдарды түзүү;
— окуу сабактарынын ар кандай формаларын жана түрлөрүн кезектештирүү (сабак, оюн сабагы, экскурсия, лабораториялык иштер, майрамдар, тематикалык саякаттар ж.б.);
— шаар/айыл жерлериндеги жаратылыш менен таанышуу максатында мектептин короосуна жана шаардык/айылдык паркка, шаардан сырткары экскурсиялар (ата-энелердин катышуусу менен); маданий жана тарыхый мурастар менен таанышуу максатында китепканаларга, музейлерге, театрларга; коруктарга жана ботаникалык бактарга, өндүрүштүк объектилерге экскурсияга баруу.
— сабактарды өткөрүү үчүн окуу мейкиндигинин түрлөрүн (класс, лаборатория, парк, токой, көчө, спорт аянтчасы, музей ж.б.) пайдалануу.
Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуучулардын мугалим, бири-бири жана айланасындагы адамдар менен өз ара аракеттенүүнүн ар кандай формаларын колдонуу:
Жеке, жуптук жана топтук формаларын айкалыштыруу;
— жемиштүү баарлашуу кырдаалдарын түзүү, класста жана класстан тышкаркы иштерде турмуштук кырдаалдарды моделдөө жана аларга талдоо жүргүзүү;
— өз ара окутуу ыкмаларын колдонуу;
— ар бир окуучуну предмет боюнча сабакка жана класстан тышкаркы иштерге тартуу;
— коллективдүү чыгармачылык иштерди уюштуруу.
Окуучуларда дүйнөнүн илимий көрүнүшүн калыптандыруу үчүн сабактан жана класстан тышкаркы иштердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
— ар кандай сынактарды, олимпиадаларды, экологиялык иш-чараларды уюштуруу, жамааттык чыгармачылык иш-аракеттерди, көргөзмөлөрдү, долбоордук жана изилдөө ишмердүүлүктөрү ж.б..
Билим берүүнүн натыйжаларынын компетенттүүлүк мүнөзүнө жана кызматташуу, сынчыл ой жүгүртүү, коммуникация жана өз алдынчалык көндүмдөрүн калыптандырууга багытталгандыгынын негизинде «Мен жана дүйнө» предмети боюнча башталгыч билим берүүнүн артыкчылыктуу педагогикалык технологиялары жана методдору болуп төмөнкүлөр саналат:
Инсанга багытталган окутуу технологиясы
— Оюн технологиялары;
— Өнүктүрүүчү окутуу технологиясы;
— Маселелик окутуу технологиясы;
— Дифференцирленген окутуу технологиясы;
— Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү технологиясы;
— Долбоордук окутуу технологиясы;
— Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар.
Башталгыч класстардын мугалимине интеграцияланган предметтин өзгөчөлүктөрүн жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутуу сунушталат. Мында «Мен жана дүйнө» предмети эле эмес, математика, окуу, тил үйрөнүү менен предметтер аралык интеграцияга да шарт түзүлөт. Бул окуучулардын жаш курагына байланыштуу психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дүйнөнүн бир бүтүн көрүнүшүн калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Окуу процессинде мугалим ар бир окуучуну окуу китебин гана эмес, башка маалымат булактарын жана заманбап маалымат каражаттарын колдоно алуусу зарыл.
Төмөнкү окуу ресурстары сунушталат:
Ibilim электрондук билим берүү булагы. https://ibilim.edu.gov.kg/ «Мекен таануу» бөлүмүндөгү «Жаратылыш» жана «Коом» мазмундук линиялары боюнча окутууну уюштурууга жардам берет.
Коопсуздук сабактары. https://safe.edu.kg/publications/uroki-bezopasnosti-izd-2-e-dopolnennoe/ Окуу-методикалык колдонмо. Бул окуу колдонмосунда сабактардын иштелмелери берилген, ошондой эле экологиялык компетенттүүлүктү жана коопсуз жашоо иш-аракетинин компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн колдонулат.
Финансылык сабаттуулук. Балдар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окуу материалдары, комикстер кыргыз жана орус тилдеринде – «Акча алиппеси» жана «Денежная азбука» бар. https://finsabat.kg/education/education-students
Башталгыч класстардын мугалимдерине төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:
Башталгыч мектепте маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонуунун артыкчылыктары;
«Долбоорлоо методу» кенже окуучунун өз алдынча изилдөөсүн, байкоосун, талдоосун жана өсүп өнүгүүсүн калыптандыруу менен табигый сабаттулугун өнүктүрөт.
Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу, деңгээлдүү тапшырмаларды жана мультимедиалык каражаттарды сабакта колдонуу.
Кенже окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн практикага багытталган тапшырмаларды берүү жана окутуунун заманбап стратегияларын, технологияларын колдонуу.
Ч.Аттокурова,
КББАнын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Тел.: (0700)184 598,
e-mail: [email protected];
А. Батыркулова,
КББАнын филология лабораториясынын башчысы.
Тел.: (0770) 519 438;
О. Солошенко,
Бишкек ш. №65 экологиялык-экономикалык
лицейинин директору. Тел.: (0555) 233 871
Комментарийлер