БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИН КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ДАЯРДОО

  • 11.03.2023
  • 0

2023-жылдын 10-мартында Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте «Билим берүүдөгү инновациялардын шартында болочок башталгыч класстын мугалимдерин кесипкөйлүк жактан даярдоо» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИН КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ДАЯРДОО

Маалыматка ылайык, жыйынды илимий иштери боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып берген соң, пленардык жыйында КББАнын президенти Назира Дюшеева, педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖжКДИнин директору Алмазбек Токтомаметов, №5 мектеп-гимназиясынын директору Марат Касымалиев жана «Окуу керемет! долбоорунун директору Сауле Хамзина кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Инновациялык өзгөрүү шартында келечектеги башталгыч класстын мугалимдеринин кесипкөйлүк ишмердигине студенттерди практикалык жактан даярдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мугалимдердин билимин өнүктүрүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик аянтча болуп саналган конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы кесиптик колледждин,  И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогикалык колледждин жана М.Р.Рахимова атындагы квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин, И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин педагогика бөлүмүнүн, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы К.Мамбетакунов атындагы  педагогикалык колледждин, Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин окутуучулары жана мектептердин мугалимдери катышты.

— Конференциянын максаты: башталгыч класстардын мугалимдерин кесиптик даярдоонун алдыңкы тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу; жаңы билим берүү стандарттарын киргизүү шартында ЖОЖдордун жана колледждердин башталгыч класстарынын мугалимдерин кесиптик даярдоо программаларын өркүндөтүү; мектептерде педагогикалык практиканы уюштурууну жана өткөрүүнү жакшыртуу; башталгыч класстарды окутуу методикасы жаатында ЖОЖдордун жана колледждердин профессордук-окутуучу курамынын потенциалын өнүктүрүү; колледждердин жана ЖОЖдордун (максаттуу бөлүмдөрдүн) ортосунда кесиптик өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну уюштуруу; жогорку педагогикалык жана башталгыч жалпы билим берүүчү мектептердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү; башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоонун актуалдуу маселелерин жана окутуунун заманбап моделдерин талкуулоо, — дейт факультеттин деканы Р.Сулайманова.

Белгилей кетсек, КУУнун педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын 5 окутуучусу, алардын ичинен 1 мастер тренер, 4 улуттук тренер катары 2021-жылдан бери  USAID «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте кызматташып келет.

Конференциянын  экинчи бөлүмүндө төмөнкү беш  секциялык иш алып барылды:

1-бөлүм: Билим берүүдөгү санариптик трансформация – модератор Мамбетакунов У.Э.;

2-бөлүм: Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары – модераторлор Ишекеев Н.И., Сулайманова Р.Т;

3-бөлүм: Класста жана класстан тышкаркы иш-чараларда кенже окуучулардын окуу сабаттуулугун калыптандыруу – модератор Токтомаметов А.Д;

4-бөлүм: Башталгыч класстын окуучуларын окутууда дифференцияланган   жана интеграцияланган ыкмаларды ишке ашырууга окуучуларды даярдоо – модераторлор Адылбек кызы Г., Жуматаева А.С.;

5-бөлүм: “Башталгыч класстарда математиканы окутуунун эффективдүү стратегиялары”-модерато Казиева Г.К.

— Ар бир секцияда мугалимдин сабактагы практикалык ишмердүүлүгүн чагылдырган мастер-класстар жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Мындан тышкары, калыптандыруучу баалоону жүргүзүү үчүн BaalooApp, сабактарга байкоо жүргүзүү үчүн жана мугалимдерге кайтарыш байланыш берүү үчүн SabakApp тиркемелери «Окуу керемет» долбоору тарабынан иштелип чыккандыгы жана максаттуу мектептерде активдүү колдонулуп жаткандыгы, алардын жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат берилди, — дейт декан.

Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.

Гулнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер